Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Новости за 16.11.2023

Израил Газанын түштүгүндө чабуулду кеңейтиши мүмкүн экенин ишарат кылды

Azattyk.org 

Израилдин куралдуу күчтөрү палестиналыктарга Газанын түштүгүндөгү айрым жерлерден чыгып кетүүнү эскерткен баракчаларды таштаганын жергиликтүү тургундар 16-ноябрда айтып беришти. Ассошиэйтед Пресс агенттиги бул – ЦАХАЛ жүз миңдеген киши ооп кеткен аймакка да чабуул коюуну көздөп жатат дегенди туюндурушу мүмкүн деп жазды. Гуманитардык кызматкерлер БУУ түзгөн башкалкалоочу жайлар анклавдын түндүгүнөн түштүк аймакка агылган карапайым газалыктарга толуп калганын айтып жатышат. Ал арада израилдик аскерлер... Читать дальше...

Кандан-бектен тартынбаган демократ келбес жайга кетти

Azattyk.org 

Топчубек Тургуналиев менен жаңы кыргыз тарыхынын романтикалуу доору аягына чыкты. Демократияны туу тутуп, ага өмүрүн сайган саясий алптардын бири акка моюн сунду. Ал чындыкты баарынан бийик койчу, адилеттик үчүн кандан-бектен кайра тартчу эмес. Эңсеген демократиялык бийликтин абагына түштү, куугунтугуна кабылды, бирок сынган жок. Ишенимине чаң жугузбай, Кыргызстан демократиялуу өлкө болоруна үмүт артып жашады. Аттиң, дүйнө  Кан калпакты кайкалата кийип шайдоот жүрчү кыргыз демократиясынын алптарынын... Читать дальше...

Өкмөт элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

Azattyk.org 

Кримтөбөл Көлбаевдин "өкүл атасы” деген Азим Ройго издөө жарыяланды. Буга чейин Рой менен президент Жапаров жана мурдагы депутат Түмөнбаевдин чогуу түшкөн сүрөтү кызуу талкууга түшкөн. Энергетика министрлиги кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.



Кыз ала качуунун кесепети тасмада

Azattyk.org 

Бишкекте режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Кыз ала качуу” аттуу жаңы тасмасынын жабык көрсөтүүсү өттү. Чыныгы жашоодон алынган тасмада Кыргызстандагы кыз ала качуунун кесепеттери чагылдырылган.

Зироатхан Мирзиёева Газада ок атууну токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жубайы Зироатхан Мирзиёева Палестинага тилектештик билдирген саммитке катышты. Жыйын Стамбулда Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдогандын жетектөөсүндө өткөнүн Өзбекстандын мамлекеттик кабар агенттиги жазды. Маалыматка караганда, Мирзиеева "эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусуна жана кысымына карабай, трагедия жана кыйроолордун масштабы кеңейүүдө, апааттын аягы көрүнбөйт", - деп айтты. Өзбек биринчи айымы Ташкенттин позициясын билдирди жана тараптарды согуштук аракеттерди дароо токтотууга... Читать дальше...

Футбол: Кыргызстан Малайзиянын курамасына утулду

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында Малайзия курама командасы менен беттешип, 3:4 эсебинде утулду. Оюн Малайзиянын Куала-Лумпур шаарындагы “Букит Жалил” стадионунда болду. 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт. Кыргызстан ар бир атаандашы менен үйдө жана конокто беттеш өткөрөт. 2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын... Читать дальше...

Татарстандын күч органдары журналист Сиражинин үйүндө тинтүү жүргүздү

Azattyk.org 

Татарстандын күч органдары журналист жана коомдук ишмер Искандер Сиражинин (Сиразаев) үйүндө жана кеңсесинде тинтүү жүргүздү. Бул тууралуу Идель.Реалии сайты маалымдады. Сиржинин жубайы Эльмира «телефондорду, паспортторду тартып алышт. Маңзаттары же тыюу салынган адабият табылды деп айтышса ишенбегиле», - деп социалдык тармактарга жазды. Ал үйүндө эртең мененки саат 6ларда тинтүү жүргүзгөнүн айтты. 51 жаштагы журналист - «Сиражинин сөзү» деген гезиттин негиздөөчүсү жана башкы редактору, жазуучу,т... Читать дальше...

Көлбаевдин өкүл атасы деген Азим Рой ким?

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кримчөйрөнүн анабашы атыккан, операция маалында өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевге байланышы бар Азим Рой аттуу жаранга сыртынан айып тагып, издөө жарыялады. Мекеме “ал Көлбаевдин өкүл атасы болгон” деп билдирүүдө. Түбү кыргызстандык Азим Рой мурда Орозахун Сайдазимов деген ат менен таанымал болгон. Бир нече кылмыштарга байланыштуу соттолуп, кийин атын өзгөртүп, чет жакка чыгып кеткен. Бир жыл мурда анын президент Садыр Жапаров менен түшкөн сүрөтү жарыяланып, коомчулукта талкуу жараткан. Читать дальше...



"Балдар дүйнө кыдырса дейм". Элетте англис тилин үйрөткөн Жазгүл

Azattyk.org 

Баткендин Сүлүктү шаарына жакын Кош-Булак айылында жашаган мугалим Жазгүл Ахматкулова өз үйүндө англис тил үйрөткөн чакан борбор ачты. Мындай сунушту ага элеттик ата-энелер берген. Эл аралык уюмдун колдоосу менен зарыл жабдууларды алып, ушул тапта 20дай окуучуга тил үйрөтүүдө.

АКШ менен Кытай алаканы жакшыртууну сүйлөштү

Azattyk.org 

Американын президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзинпин эки державанын аскердик мекемелеринин ортосундагы байланыш каналдарын калыбына келтирүүнү макулдашты. Лидерлердин 15-ноябрда Сан-Францискодон алыс эмес Филоли аймагында болгон жолугушуусу дээрлик төрт саатка созулду. Жыйын жылуу маанайда өткөнү кабарланганы менен, Байден Си Цзинпин иш жүзүндө диктатор деген пикирин өзгөртпөгөнүн билдирди.

Финляндия Орусия менен төрт чек ара бекетин жабат

Azattyk.org 

Финляндия Орусия менен тогуз чек ара бекетинин төртөөнү ишембиге караган түнү жабат. Бул чара башпаанек сурагандардын агымын басаңдатуу үчүн көрүлүп жатканын премьер-министр Петтери Орпо бейшембидеги маалымат жыйында билдирди. Чектөөлөр жөө адамдарга, автоунаанын бардык түрүнө киргизилери, 18-февралга чейин күчүндө калары маалымдалды. Премьердин айтымында, орусиялык чек арачылар тиешелүү документтери жок кишилерди чек арага кое берүү менен кризисти жаратууда. Финляндиянын президенти шаршембиде... Читать дальше...

Төрт жашар Айкөркөмдүн өлүмүнө айыпталган аскер Арман Жуман акталды

Azattyk.org 

15-ноябрда Алматы гарнизонунун аскердик соту келишим менен кызмат өтөгөн аскер Арман Жуманды актады. Ал 2022-жылкы Январь окуялары маалында төрт жашар Айкөркөм деген кыздын өлүмүн териштирген иштин алкагында “кызматтык ыйгарымдарынан аша чабуу” үчүн айыпталган. Сотто прокурор айыпталуучуну жети жылга эркинен ажыратууну сураган. Адвокаттар актоону өтүнгөн. Жабырлануучу тарап Жумандын аракеттерин “кызматтык ыйгарымдарынан аша чабуу” эмес, “адам өлтүрүү” деп сыпаттоону талап кылып келген. Кыздын... Читать дальше...

Германиянын полициясы Гамбургдагы Ислам борборунда тинтүү жүргүздү

Azattyk.org 

Германиянын бийлиги полиция бейшембиде Иран колдогон Хезболла уюму менен байланышы бар деп шек саналган жайларды тинткенин билдирди. Немис өкмөтү Хезболланы “шийилердин террордук уюму” деп эсептейт жана 2020-жылы анын Германиядагы ишмердигине тыюу салган. Аталган уюм АКШда да террордук топ деп таанылган. Германиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жети федералдык аймакта Гамбургдагы Ислам борбору менен байланышы бар 54 жай тинтүүгө алынды. Франс Пресс (AFP) агенттиги Гамбургдагы... Читать дальше...

Журналист Гүлжан Шерипбаева 48 саатка камалганын жакындары билдиришти

Azattyk.org 

Журналист, Nazar news сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаева 48 саатка камалганын жакындары "Азаттыкка" билдиришти. Иниси Майрамбек Каримов Гүлжан Шерипбаеваны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери 16-ноябрда ал иштеген кеңседен алып кеткенин айтты. "Саат 12лер чамасында эжем иштеген кеңсеге өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар келип, эч кандай чакыруу кагазы жок эле, "сүйлөшүү үчүн" деп чакырып, алып кетишкен. Бизге жеткен маалыматтар боюнча эжемди... Читать дальше...

ЦАХАЛ ХАМАСтын саясий кеңешинин төрагасынын резиденциясына сокку урганын билдирди

Azattyk.org 

Израилдин армиясы – ЦАХАЛ 16-ноябрда жердеги операциянын алкагында ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал уюмунун саясий кеңешинин төрагасы Исмаил Ханиянын резиденциясына сокку урганын билдирди. Ал турак жай Газа тилкесинин сыртында жайгашкан. Жабыркагандар тууралуу айтылган жок. Айрым булактар Хания Газада эместигин жазышты. Маалыматка ылайык, аскерлер резиденция “террордук инфраструктура” катары жана ХАМАСтын жогорку жетекчилеринин “Израил  жарандарына жана ЦАХАЛга каршы... Читать дальше...

Ереван Азербайжан менен үч тараптуу сүйлөшүүлөргө катышууга макул болду

Azattyk.org 

Ереван Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишелдин арачылыгы менен уюштурулуп жаткан Азербайжан менен үч тараптуу сүйлөшүүлөргө катышууга макул болду. Бул тууралуу 15-ноябрда Армения - Евробиримдик жыйынынын соңунда белгилүү болду. Жыйынга армян тышкы иштер министринин орун басары Вахан Костанян жана ЕБдин расмий өкүлү Энрике Мора катышкан. Армениянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Европа биримдиги өлкөнүн суверенитетин, аймактык бүтүндүгүн жана чек араларынын бүтүндүгүн айныксыз колдой турганын ырастады. Читать дальше...

“Kloop” Бишкектин административдик сотуна кайрылды

Azattyk.org 

“Kloop” порталынын юристтери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине каршы эки арыз жазып, Бишкектин административдик сотуна кайрылды. Бул тууралуу маалымат сайттын Telegram социалдык тармагындагы баракчасына жарыяланды. Биринчи доо арыз министрликтин 7-8-сентябрдагы эки чечимин жокко чыгарууну талап кылуу жөнүндө. Анда Маданият министрлиги Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) арызынын негизинде “Клооптун” сайтындагы “Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де кыйноого... Читать дальше...

Партиялардын динди колдонушун тыюу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстанда "Диний чөйрөдөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Аны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия иштеп чыккан. Мекеме долбоор динди саясатка, шайлоого, билим берүүгө аралаштырбоо максатын көздөй турганын билдирди.  Документте "Саясий партиялар жөнүндө", "Шайлоо жөнүндө" жана башка бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, Кыргызстанда чет мамлекеттердин саясий партияларын, алардын бөлүмдөрүн түзүүгө, ишмердик жүргүзүшүнө... Читать дальше...

БУУ Газада жугуштуу оорулар жайылышы мүмкүн экенин эскертти

Azattyk.org 

Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк Газадагы инфекциялык илдеттер жайылышы жана ачарчылык болушу ыктымал экенин эскертти. Жакынкы Чыгышка барып кайткандан кийин дипломат азыр мындай коркунуч чоң экенин белгиледи. Ал эми БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялаган башкармалыгы тилкенин түндүгүндө, Газа шаарынын айланасында 24 оорукананын ичинен бирөө гана бейтаптарды кабыл алып жатканын билдирди. Маалыматка караганда, 18 оорукана жабылып,  ал жердегилер эвакуацияланды. Читать дальше...


Музыкальные новости
Анастасия Волочкова

Волочкову спасли на Мальдивах после новости о рождении сына у Вдовина





Rss.plus
30

Яндекс Погода выяснила, как за последние 30 лет изменились майские заморозки




Британские ВМС заявили о нападении неизвестных на судно в Аденском заливе

Не знала, что в прямом эфире: во время трансляции парада в Москве корреспондентка провела разминку голосовых связок

Лукашенко заявил о ненужности доллара и евро для многих стран в настоящий момент

Любовь всегда их вдохновляет и очаг семейный согревает




Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык жыйын өттү

Azattyk.org 

Кыргызстандын парламенти - Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция 16-ноябрда болуп өттү. Жыйынга Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, парламенттин депутаттары, мурдагы төрагалары, ошондой эле КМШга мүчө өлкөлөрдүн парламент башчылары катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Кыргызстан эгемендик алган кездеги Жогорку Кеңештин - легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов мамлекеттик желек тууралуу көтөрүлгөн демилге боюнча да пикирин айтып кетти.

Сузактын тургуну маңзат лабораториясын түзүп алган деген шек менен кармалды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облустук милициясы Сузак районунун тургунун баңгизат каражаттарын мыйзамсыз колдонуп, үйүндө даярдап, сактап жүргөн деген шек менен кармады. Милициянын басма сөз кызматы 16-ноябрда билдиргендей, райондун Ленин айыл аймагынын 65 жаштагы тургуну үйүндө баңгизат лабораториясын түзүп алгандыгы белгилүү болгон. Тинтүү учурунда анын үйүнөн 35,5 килограмм “марихуана” табылган. Маалыматка караганда, шектүү мурда бир нече жолу соттолгон, 2018-жылдан бери “Йакын-Инкар” диний экстремисттик уюмунун мүчөсү катарында каттоодо турат. Читать дальше...

Баласын таштандыга таштаган деп шек саналган келин тил кат менен бошотулду

Azattyk.org 

Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайын таштанды челекке таштап кеткен деп шек саналып жаткан 21 жаштагы келин сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен камактан чыкты. Мындай чечимди 14-ноябрда Октябрь райондук соту кабыл алганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү шектүү медициналык мекемеде дарыланып жатканын айтып, сотко анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч берген. 8-ноябрдын кечинде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка... Читать дальше...

Футбол: Кыргызстан Малайзия менен беттешет

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында 16-ноябрда Малайзия курама командасы менен беттешет. Оюн Куала-Лумпур шаарындагы «Букит Жалил» стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча 19:00дө башталат. 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт. Кыргызстан ар бир атаандашы менен үйдө жана конокто беттеш өткөрөт. Бул... Читать дальше...

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5,9 млрд доллардан ашты

Azattyk.org 

2023-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызынын көлөмү 5 млрд 987 млн долларга жетти. Финансы министрлигинин маалыматында, мунун ичинен 4 млрд 486 млн доллар тышкы карыз, 1,5 млрд доллар ички карыз. Мамлекеттик карыздын жалпы көлөмү июнь айынан бери 364 млн долларга өскөн. Кыргызстан тышкы карызды төлөө үчүн быйылкы тогуз айда 22,5 млрд сом сарптады. Президент Садыр Жапаров 4-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына өлкөнүн мамлекеттик карызы 2020-жылга чейинки эле 5 миллиард долларга жеткенин... Читать дальше...

Министрлик элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

Azattyk.org 

Энергетика министрлиги кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, социалдык тармактардагы баракчаларына жарыкты сарамжал пайдалануунун жолдорун сунуштады. Мекеме электр энергиясын аз талап кылган лампаны колдонуу жылына 170 кВт/саатты үнөмдөй турганын билдирип, элди бөлмөдөн чыгып баратканда жарыкты өчүрүп, телевизор, планшет, уюлдук телефон жана башка электр жабдуулардын кубаттагычын сууруп турууга чакырды. Ошондой эле үй тиричилигине керектүү электр жабдуулардын сатып алууда энергия сарптоосуна көңүл буруу керектигин эскертти. Читать дальше...



Москва

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в Подольске отразили атаку летевшего на Москву дрона ВСУ



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Бато Багдаев

Откровение артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова - Театр и дети, Культура и Россия, интервью




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

4 современных общественных пространства появятся на севере Москвы в 2024 г

В рамках празднования Дня Победы в Москве пройдет ежегодный турнир среди студенческих футбольных команд «Вызов»

Федерация бокса России почтила память героев в День Победы в Чехове


ATP

Лучший теннисист Казахстана сдал позиции в чемпионской гонке ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России