21-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Ошто Кытайдан жүк ташыган айдоочулар кайра чогулду. Алар Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы Эркечтам өткөрмө пунктунда тыгын жаралганына нааразылык билдирип, маселени чечүүнү талап кылууда.
АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС куралдуу тобу Израилдин ок атышууну бир аптага токтотуу сунушун четке какканын Wall Street Journal өз булактарына таянып жазды. Газа тилкесинин бардык бөлүктөрүндө жөөт армиясы менен жоочулардын ортосунда айыгышкан салгылаш уланууда.
Ошто Кытайдан жүк ташыган айдоочулар кайрадан чогулду. Алар тиешелүү органдардын чек арадагы кезекти уюштуруудагы аракеттерине нааразылык билдирүүдө. Израилдин ок атышууну бир аптага токтотуу сунушун АКШ, Евробиримдикте тыюу салынган ХАМАС радикал тобу четке какты.
“Азаттык” 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголуп же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин аныктады.
Депортация болгондор АКШга түрдүү мыйзамсыз жолдор, көбүнчө Мексика аркылуу барган.
Социалдык тармактарга базар ээлеринин ижара акысын арзандатканын айткан бир нече видео кайрылуулар жарыяланды.
Кыргыз өкмөтү бюджеттик мекемеде иштегендерди ККМ чектерди чогултуп, аны Салык кызматына ай сайын өткөрүп турууга милдеттендирди.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости