Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев атайын кызматка сурак берип чыкканы белгилүү болду. Буга чейин ал Ак үйдүн экинчи кабатынан секирип, УКМКнын кызматкерлеринен качкан эле.
12-январда башталган мелдеш 10-февралга чейин уланат. Тайпалык оюндар 25-январга чейин өтөт. Ар бир тайпадан экиден команда жана үчүнчү орунга ээ болгон төрт мыкты команда плей-оффко же болбосо 1/8 финалга жолдомо алат.
Кадамжайда 23 жаштагы майыптыгы бар келинди күйөөсү сабап, эсине келбей каза болгон. Учурда кылмышка шектүү кармалып, тергөө башталды. Каза болгон келиндин жакындары буга чейин да катуу таяк жеп ооруканага жатып дарыланган Айкыз арыз жазганына карабай, милиция эч кандай чара көрүлбөгөнүн айтышууда.
Өзбекстанда сот жөтөлгө каршы "Док-1 Макс" сиробуна ууланган балдардын ишин кароону бир айлык тыныгуудан кийин кайра жандантты.
Башкы прокуратура Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) абактагы өлүмү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында кылмыш ишин козгоду.
Индияда каза болгон 32 жаштагы кыргызстандык келиндин жакындары бул өлүмдө сырдуу жагдайлар барын айтышууда. Бул өлкөгө саякаттап барган Айперинин өлүмүн жергиликтүү полиция суицид катары сыпаттаган.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости