АКШга мыйзамсыз жол менен барган ондогон өзбекстандык мекенине кайтарылды. Мексика аркылуу кирип, Америкадагы миграция борборлорунда кармалып турган өзбек жарандарынын дагы бир тобу АКШ бийлигин сотко берсе, тажикстандыктар ачкачылык жарыялашты. Мигранттардын арыз-дооматына эмне себеп? АКШдагы чек ара коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сунушталган жаңы чаралар борбор азиялык, анын ичинен кыргызстандык мигранттарга кандай таасир тийгизиши мүмкүн? Биз жана дүйнө" берүүсү бул жолку чыгарылышында АКШга... Читать дальше...
7-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Майрамдар алдында гүлгө суроо-талап кескин өсөт. Андыктан гүл сатып киреше табам дегендердин майрам алдында жумушу көбөйөт. “Азаттык+” бул ирет көз көнгөн кооздуктун көрүнбөгөн түйшүгүн көрсөтөт.
Олжобай Шакир - жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан.
Шаршембиде Азербайжандын Баку шаарында көз карандысыз Toplum TV телеканалынын тогуз журналисти жана кеминде үч саясий активист кармалды.
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бириккен Араб Эмираттарында маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү деген шек менен Таалайбек Рысалиев аттуу жаран Интерпол аркылуу кармалганын билдирди. Рысалиев убагында Жогорку Кеңештин иш башкармалыгында жетекчилик кызматта турганы белгилүү.
Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраевдин майнинг компаниялар керектеген электр энергия тууралуу билдирүүсү талкуу жаратты. Ал Кыргызстандагы жалгыз майнинг компания токту Казакстандан өзү түз алып жатканын айткан. Казакстандын Энергетика министрлиги муну четке какты.
Кыргызстан эгемендик алгандан бери Бишкектин жака белинде 57 жаңы конуш пайда болгон. Акыркы 24 жыл ичинде шаардын аянты бир жарым эсе кеңейген. "Азаттыктын" кабарчысы борбор калаадагы жаңы конуштарды кыдырып, Мурас-Ордодогу кооптуу көлмөлөрдү, жайы-кышы сууга жетпеген Арча-Бешиктин жашоосун, жер чырынан арылбаган Ак-Ордону тартып келди.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости