Кыргызстандын эксклавы, коңшу Өзбекстандын аймагында жайгашкан Барак айылынын тургундары Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлдү. Он жылча мурда Ташкент аталган эксклавга түз өтчү жолду жаап, анын тургундарын айланып каттоого мажбур кылган. Ортодо сүйлөшүүлөрдөн улам каттам бир аз гана жумшарган. Мына ушундай жагдайда Кыргызстан Баракты Өзбекстандын башка жерине алмаштырган.
Грузиянын парламентинин Юридикалык маселелер боюнча комитети 15-апрелде биринчи окууда талаштуу "чет элдик агент" жөнүндө мыйзамды жактырды.
Грузия парламентинин Юридикалык маселелер боюнча комитети 15-апрелде биринчи окууда талаштуу "Чет элдик агент" тууралуу мыйзамды жактырды. Тблисиде бул мыйзам долбооруна каршылыгын билдирген миңдеген адам чогулду. Тартип коргоочулар менен демонстранттар ортосунда кагылышуу келип чыкты.
Казакстандын Петропавловск калаасынын четиндеги айылдарды суу алып жатат. 7 миңден ашуун адам көчүрүлгөн. Суу каптаган үйүн айланчыктап кете албай жүргөн эл дагы бар. Кээ бири үйүндөгү ит-мышыкты куткарууга да үлгүрбөй калган. "Азаттык" сүйлөшкөн тургундар ташкынды болтурбоо үчүн аракет кылган жок деп аймактын бийлигин сынга алууда.
Президент Садыр Жапаров соңку маегинде буга чейинки карыз өзүн-өзү актабаган долбоорлорго салынып келгенин айтып, айрымдар "карыз көбөйүп кетти деп манипуляция кыла бериши мүмкүн, мындан ары ага көңүл бурбайбыз" деди. Ал мындан ары тышкы карыз боюнча маалымат берилбей турганын белгиледи.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости