20-май: Бишкектеги окуя боюнча Жапаровдун эскертүүсү, Ирандагы беш күндүк аза күтүү
20-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
20-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Иранда 5 күн аза күтүү жарыяланды. Президент Эбрахим Раиси жана аны менен чогуу бараткандар - тышкы иштер министри Хусейн Амир-Абдол Лахиян тик учак кырсыгында набыт болгону расмий кабарланды. Президент Садыр Жапаров Бишкектеги башаламандыктан кийинки билдирүүсүндө “мындай окуя кайталанса, укук коргоо органдары дароо күч менен тарката турганын” айтты. Пакистандык студенттердин ата-энелери кыргыз бийлигинен балдарынын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылууда. Бишкектеги Ататүрк паркындагы мыйзамсыз... Читать дальше...
Кыргызстанда 28 миңден ашуун чет өлкөлүк студент бар. Басымдуу бөлүгү медицина багытында билим алуу үчүн Индия жана Пакистандан келгендер. Анын 10 миңдейи ОшМУда. Алар жашаган жатаканаларды азыр милиция кайтарып, кабатырланууга негиз жок экенин билдирди.
18-майга караган түнү Бишкекте Кыргызстандын жарандары чет өлкөлүк студенттердин жатаканасына кирип барып, ал жерде жашагандарды ур-токмокка алган. Бул окуяда дарыгерлерге жалпысынан 41 адам кайрылса, 11и дарылануусун улантууда, алардын абалы туруктуу экени кабарланды. Пакистандын элчилиги 14 жараны жабыркаганын ырастады. Бул окуя эмне себептен келип чыкты, укук коргоо органдары кандай иштешти, мындан аркы Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдындагы кадыр-баркы кандай болот? "Азаттыктын" студиясында... Читать дальше...
Иранда беш күндүк аза күтүү жарыяланды. Бүгүн президент Эбрахим Раиси жана аны менен чогуу бараткан расмий адамдар, анын ичинде тышкы иштер министри Хусейн Амир-Абдоллахиян тик учак кырсыгында набыт болгону расмий кабарланды. Дүйнө лидерлери Ислам жумуриятына көңүл айтууда. Тоолуу аймакта кулаган тик учакты издөөгө бир нече өлкө катышты.
Президент Садыр Жапаров чет өлкөлүк жарандар сабалган Бишкектеги соңку тополоңго байланыштуу билдирүү жасап, ага чагымчыл күчтөрдү айыптады. Мамлекет башчы бул окуяга күнөөлүүлөр жоопко тартыларын айтып, бул жосунду кайталагандарга катуу чара көрүлөрүн эскертти.
Бишкекте убагында Ататүрк паркына таандык жерге салынган там-ташта жашаган айрым тургундар 20-майда нааразылык акциясына чогулду. Алар мэриянын парктын жерин калыбына келтирүү, үйлөрдү бузуу чечимине каршы экенин айтышты.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости