Азия чемпионаты: Жуманазарова алтын, Медет кызы күмүш байге алды
Бүгүн, 9-апрелде Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова алтын медал тагынды. Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта финалда жапониялык Мива Морикаваны 2:1 эсебинде жеңип, мындай сыймыкка татыды. Ал бул чемпионатта чейрек финалда вьетнамдык Тхи Линг Дангды (11:1), жарым финалда кытайлык Зелу Лини утуп, финалга чыккан. Бул күнү 76 килограммга чейинки салмакта Айпери Медет кызы финалда монголиялык Даваанасан Энкх Амарга жеңилип(2:4), күмүш байге алды. Читать дальше...
