Москва: активист Иван Жданов ачкачылык жарыялады
Орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын Антикоррупциялык фондунун башчысы, 15 күнгө камалган Иван Жданов ачкачылык жарыялады.
Жданов - Москва шаардык кеңешине 8-сентябрда боло турган шайлоого катталбай калган оппозициялык жана көз карандысыз талапкерлердин бири. Ал ачкачылык жарыялоосун камакка алган сот чечимине каршылыгы менен түшүндүрдү.
“Менде өз позициямды билдирүүгө башка жол жана мүмкүнчүлүк жок. Бүгүнтөн тарта мен ачкачылык жарыялайм. Мен суроолорго жооп берүүдөн баш тартам. Мен бул сот жараянына катышуудан баш тартам”, - деди Жданов 2-августтагы сотто.
29-июлда сот Ждановду андан эки күн мурда Москвада болгон уруксат берилбеген митингге катышканы үчүн 15 суткага камаган. Бүгүн, 2-августта анын апелляциялык арызы каралууда.
Москвада 27-июлда шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган оппозициялык жана көз карандысыз талапкерлерди колдоп жүздөгөн адам митингге чыккан. Полиция элди кууп таратып, 1373 адамды кармап кеткен. Анын ичинде ондогон киши административдик жазага тартылып, айрымдары 30 күнгө чейин камалса, башкалары айыпка жыгылды. Кээ бир демонстранттарга "полицияга кол салган" деп кылмыш иши козголду.