Депутат Зарылбек Рысалиев үй камагына алынды
Жогорку Кеңештеги «Республика» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан эрте чыгып кеткенине байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча үй камагына алынды. Анын бөгөт чарасын аныктоону Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту караган.
Батукаев бошотулган учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) жетектеп турган Рысалиев быйыл 7-июнда Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезгени айтылып, ооруканага жеткирилген. Ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада дарылангандан кийин 2-июлда Таш-Дөбө кыштагындагы (Воронцовка) Кыргыз улуттук курортология институтунан которулган. Депутат аталган ооруканадан 29-июлда чыккан жана абалы бир аз жакшырганы айтылган.
Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштаган.
Бул ишке байланыштуу экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова баштаган бир катар мурдагы мамлекеттик кызматкерлер, аткаминерлер, дарыгерлер кармалды. Алардын айрымдары үй камагына чыгарылган.