"Өгөй" конуштагы өп-чап жашоо
Бишкектин четиндеги 14 жыл мурда түптөлгөн Алтын-Казык конушу бир да административдик аймакка кошула элек. Мунун айынан конушта социалдык көйгөйлөр арбын. Ошого карабай жашоочулар белин бекем бууп, тиричилигин улап келишет.