Кой-Таштагы окуяда жараланган атайын бөлүктүн кызматкери каза болду
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында жарадар болгон атайын бөлүктүн кызматкери каза болду. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги ырастады.
Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, ага ок тийген.
"Ок жүрөгүн тешип кетиптир. Каза болуп калды", - деген Жумабеков дагы бир аскерге операция жасалганын кошумчалады.
Саламаттыкты сактоо министрлиги үй тараптан атылган аскердик ок чопкуттан өтүп, анын көкүрөгүн жаралаганын кабарлады.
Андан тышкары, дагы 25 адам ооруканага жатты. Аларга желим ок тийген жана башка ар кандай жараат алышкан.
Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын 7-августта кечки саат сегиздерде баштаган. Кырдаал курчуп, октордун үндөрү угулган. Атамбаевдин короосунда бир канча жери өрттөлдү.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармоо операциясы жүрүп жатканын, желим октор гана колдонулганын билдирген.
Окуядан эки сааттан кийин бир канча телеканалдар көрсөтпөй калды. Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Чүйдөгү Кой-Таш айылында уюктук байланыш жана Интернет начарлады.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес.
27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан. (SE\GT)