500дөй милиция кызматкери Кой-Таштан бери жөө келатат
500дөй милиция кызматкери Кой-Таштан төмөнкү айылдарды аралап, Бишкекти көздөй түшүп келатат.
"Азаттыктын" кабарчылары жеринен маалымдаганына караганда, аларга тоскоолдук жаратып, каршылык көрсөткөндөр болууда. Ошондуктан айрым учурда кулак тундуруучу жана башка атайын каражаттар колдонулуп жатат.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Ички иштер министрлигине суракка алып кетүү аракети 7-августта көрүлүп, ишке ашпай калган. Бүгүн аны Кой-Таштаты үйүнөн күч органдары ИИМге алып кеткени кабарланууда, бирок бул маалымат расмий тастыктала элек.
Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошонуп кетишине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында буга чейин үч жолу суракка чакырылган.
7-августтагы операциядан кийин 80дей адам жараат алды, бир күч кызматкери набыт болду. (SDz/TSh)