Күч түзүмдөрү Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүнө киришти, бирок ал чыга элек
Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) күчтөрү Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө киришти. Бирок алар үйдүн ичинде ким бар-жогун айтпай жатышат. Уюктук жана Интернет байланышы жок. Күч түзүмдөрү Атамбаевдин тарапташтарын көздөш жаш чыгаруучу газ жана башка атайын каражаттар менен качырышты.
Окуя болгон жерде «Тез жардам» машинелери жүрөт.
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн анын тарапташтарын айдап чыгышканы менен, Кой-Таштын кире беришинде адамдар күч органдарынын өкүлдөрүнө дагы эле таш ыргытып жатышат. Күч органдары атайын каражаттарды колдонууда.
Үй тарапка ӨКМдин кызматкерлери атайын техника менен келишти, бирок эмнени ачары белгисиз.