Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Кыргызстанга келди
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Аны Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.
ЕАЭБдин өкмөт аралык кеңешинин жыйыны 9-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага биримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышат.
Пашиняндан мурун Орусиянын, Казакстандын жана Беларустун өкмөт башчылары Дмитрий Медведев, Аскар Мамин жана Сергей Румас келишкен.
Премьер-министрлерди президент Сооронбай Жээнбеков да кабыл алат.