Ооган бийлиги талибдерди кабыл алганы үчүн Ташкентке нааразы болду
Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстанга «Талибан» кыймылынын өкүлдөрүн кабыл алганы үчүн нааразылыгын билдирди.
Министрликтин расмий өкүлү Сибгатулла Ахмадинин айтымында, ооган өкмөтү тынчтык сүйлөшүүсүн илгерилетүү боюнча мамлекеттердин кызматташтыгын колдойт. Бирок, анын пикиринде, «расмий кабыл алуу» жана «жолугушуунун мүнөзү» ооган бийлиги менен талибдердин ортосундагы сүйлөшүүгө жардам бербейт. Сибгатулла Ахмади тынчтык сүйлөшүүлөрүндө ооган өкмөтүнүн жана элинин башкы ролун сыйлоого чакырган.
8-августта Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинде «Талибан» кыймылынын Дохадагы кеңсесинин башчысы молдо Барадар Ахунд менен жолугушуу өткөн. Анда Ооганстанда туруктуу тынчтык орнотууну көздөгөн сүйлөшүүлөргө байланыштуу пикир алмашуу болгон.
«Молдо Барадар Ооганстанга дайыма көңүл буруп турганы үчүн Өзбекстандын жетекчилигине чын ыкластан ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Өзбекстандын аракети менен ооган маселеси кайрадан дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборунда болуп жаткандыгын айтты», - деп айтылган Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.
Жолугушууда «Талибандын» лидери Барадар Ахунд оогандардын өз ара тынчтык сүйлөшүүсүнүн кезектеги айлампасын Самарканд шаарында өткөрүү боюнча сунушту колдогон.