Президент шайлоо боюнча мыйзамдар топтомуна кол койду
Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдар топтомуна кол койду. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.
Кабыл алынган мыйзамдар Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган жана бир нече мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт. Алардын ичинде президентти, парламентти шайлоо, референдум жөнүндө, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу, борбордун статусу жана Ош шаарынын статусу жөнүндөгү мыйзамдар бар.
Аталган мыйзамдар Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 2018-жылдын 13-августундагы VII жыйналышында кабыл алынган 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоо боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясында каралган милдеттерди ишке ашыруу максатында жумушчу топ тарабынан иштелип чыкты. (ErN)