Монтенегро: жабык коомдук жайларда чылымга тыюу салынды
Европадагы эң көп чылым чегилген өлкөлөрдүн башкы сабында турган Монтенегродо (Черногория) казинолордон башка бардык жабык коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салынды.14-августта күчүнө кирген жаңы мыйзамга ылайык, ресторан, кафелер сыяктуу коомдук жайларда чылым чегүүгө болбойт. Мындай эрежени бузгандарга 560 доллардан 22 370 долларга чейин айыппул салынышы мүмкүн.
Жаңы мыйзамды Монтенегронун парламенти 31-июлда бир добуштан жактырган. Мындай документке тамекиге каршы 2004-жылы кабыл алынган мыйзамдан майнап чыкпаганы себеп катары көрсөтүлгөн.
Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнө ылайык, Монтенегродо 15 жаштан өйдөкү жарандардын 46 пайызы чылым чегет. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жыл сайын 400дөй жаран өпкө рагына чалдыгаарын билдирген.
Жаңы эреже айрым ишканаларга тамеки тарткандар үчүн өзүнчө бөлмөлөрдү түзүүгө уруксат берет.