Макрон Иран келишимин сактап калууга кызыкдар
Франциянын президенти Эммануэл Макрон, 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимди сактап калуу максатында, Ирандын Тышкы иштер министри Мохаммед Жаваз Зариф менен жолукмай болду.
Макрондун администрациясы жолугушуу 23-августта, Биаррица шаарында, "Чоң жыйырманын" саммитин утурлай өтөрүн ырастады. Зариф - Иран эл аралык макулдашууну сактап калуу боюнча Франциянын сунуштарын карап чыгууга даяр экенин айтты.
Ал ошондой эле Перс булуңундагы иштерге Кошмо Штаттардын кийлигишүүсүн Иран кабыл албастыгын кошумчалады. Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы чыңалуу Кошмо Штаттар аталган келишимден чыгып кетип, Иранга каршы санкцияларды жанданткан соң курчуп кеткен.
Мындан улам Иран экономикасы кризиске кептеле түштү. Макрон бул жуманын башында ирандыктардын жашоосун жакшыртуу үчүн аларга каршы салынган санкцияларды жумшартууну же башка бир компенсациялык механизм иштеп чыгууну сунуштаган. Тегеран болсо буга чейин келишимди так сактап келгенин айтууда.
2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар да алынган болчу.