Ирандын “Grace 1” танкери Түркияны көздөй бет алды
Ирандын туусу алдында Жер ортолук деңизде сүзүп бараткан мунай ташуучу кеме багытын өзгөртүп, Түркиянын Мерсин портун көздөй бет алды. Бир нече аптадан бери Америка Кошмо Штаттарынын көзөмөлүндө болуп келе жаткан “Adrian Darya 1” танкеринин экипажы мурда “Grace 1” деген ат менен белгилүү болчу.
Учурда кеме Сицилия жарым аралынын түштүк жагына келип калды.
Мерсин - Түркиянын түштүгүндөгү мунай терминалы бар порт. Андан болжол менен 200 чакырым аралыкта Сириянын Банияс мунай кайра иштетүүчү заводу жайгашкан. Июль айынын башында “Adrian Darya 1” кемеси ошол жакты көздөй жөнөп баратканда Гибралтар кысыгынан кармалган. Аны кармоого ордерди Кошмо Штаттар берген.
АКШ бийлиги танкер Ирандагы террорчул уюм деп эсептеген “Ислам революциясынын сакчылар корпусу” (IRGC) менен байланышы бар деп эсептейт.
4-июлда Британиянын Аскер-деңиз күчтөрү Гибралтар кысыгында ирандык “Grace 1” мунай танкерин “Санкцияларга карабастан Сирияга чийки мунай алып бараткан» деген шек менен кармашкан.
Иран дооматтарды четке кагып, өз кемесин тезинен өткөрүп берүүнү талап кылган. Ал эми өлкөнүн жогорку лидери Аятолла Хаменеи Ирандан «жооп боло турганын» убада кылып, Британияны «каракчылыкка» айыптаган. (RK)