Өзбекстанда адамдарды мажбурлап иштеткендердин жазасы күчөтүлдү
Өзбекстандын парламенти жарандарды мажбурлап иштеткендер тартыла турган жазаны күчөтүп, айыппулдун өлчөмүн көбөйттү.
Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми кимдир-бирөөлөрдү күчкө салып иштеткендер 10дон 30га чейинки эң аз айлык өлчөмүндөгү айыппул төлөйт. Эгерде мажбурлап иштетүү көрүнүшүн кайра кайталаса 30дан 100гө чейинки эң аз айлык өлчөмүндөгү айыппул салынат.
Буга чейин болсо 1ден 3кө чейинки эң аз маяна акысында акча айыппул салынып келген.
Жаңы мыйзамга ылайык, жашы жете элек өспүрүмдөрдү мажбурлап иштеткендер алгач 30-50, эгер дагы кайталаганы аныкталса 50дөн 100гө чейинки эң аз айлык өлчөмүндөгү айыпка жыгылат.