Жалал-Абаддын мэри агасын кызматка дайындады
Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өзүнүн бир тууган агасы Абдималик Тагаевди шаар мэриясына караштуу жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчылыгына дайындады. Бул маалыматты мэрияга караштуу маалымат борбору «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка ылайык, агенттиктин мурунку башчысы өз каалоосу менен жумушун тапшыргандыктан анын орду бош турган. 21-августта шаар мэри Абдималик Тагаевди арызынын негизинде башчылыкка бекитти.
Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги шаардагы ички машруттук каттамдарды көзөмөлдөйт. 52 жаштагы Абдумалик Тагаев буга чейин «Жалал-Абад-Тазалык» ишканасында жооптуу адис, андан соң «Газпром-Кыргызстан» компаниясы куруп берген шаардагы ден соолукту чыңдоочу борбордо жетекчи болуп иштеп турган.
Тагаевдердин дагы бир башка тууганы Абибилла Тагаев президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун кудасы экени белгилүү. (RsK)