Алексей Гончарук Украинанын өкмөт башчылыгына жактырылды
Украин депутаттары 35 жаштагы адвокат Алексей Гончаруктун талапкерлигин өкмөт башчылыкка жактырды. Анын талапкерлигин парламенттин жаңы чакырылышынын алгачкы сессиясында президент Владимир Зеленский сунуш кылган. Чоң саясатка жаңы аралашып жаткан Гончарук президенттик администрациянын башчысынын орун басары болчу. Тажрыйбасы аз болгонуна карабай, депутаттардын жарымынан көбү ага колдоо көргөзүштү.
Гончарук жаңы министрлер кабинети экономикалык өсүштү камсыздаган реформаларга, коррупция менен күрөшкө артыкчылык берерин айтты. Жогорку Рада ошондой эле спикерликке “Эл кызматчысы” партиясынын лидери Дмитрий Разумковду шайлады.
29-августта Киевде украин парламентинин жаңы чакырылышынын алгачкы жыйыны өттү. Анда 424 эл өкүлү ант беришти.
Президенттин “Эл кызматчысы” партиясы 254 мандат менен мыйзам чыгаруу органында көпчүлүктү түзөт.