Жаңы сейил бакка Эмил Шүкүровдүн ысымын берүү сунушталууда
Бишкектин түштүк тарабында жаңы ачылган сейил бакка жакында көзү өткөн илимпоз-эколог Эмил Шүкүровдун ысымын ыйгаруу сунушталууда. Мындай сунуш менен бир катар активисттер интернетте онлайн петицияга кол коюшууда. Алар Шүкүровдун кыргыз илиминин өнүгүшүнө кошкон жана экологияны коргоо боюнча салымдарын эске алуу менен ысымын берүү зарылдыгын белгилеп жатышат.
Бүгүн Бишкекте 10 гектар аянтты ээлеген сейил бак ачылды. Анын ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков катышып, "Ынтымак" сейил багы деп атоо чечими кабыл алынганын билдирген.(BkA)