Эркин Асрандиев аман-эсен табылды
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев Тоң районунун Бар-Булак айылындагы көл жээгинен табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев "Азаттыкка" билдирди.
- Биз азыр аны Ысык-Көл районуна алып келебиз. Медкызматкерлерди чакырдык, - деди Данир Иманалиев "Азаттыкка" сүйлөп жатып.
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысы Эркин Асрандиевди Ысык-Көлдө сүзүп баратканда коштоп жүргөн Нарынбек Кемелов "Азаттыктын" Ысык-Көлдөгү кабарчысы Кундуз Сырдыбаевага окуянын чоо-жайын кыскача баяндап берди.
Кемелов: "Мен Эркин Асрандиевдин келинчегинин бөлөсү болом, буга чейин дагы көлдү сүзүп өтүп жүргөндө дайыма жанында жүрчүмүн. Бул жолкусун да мени "коштоп жүр" дегенинен дароо макул болуп, атайын даярдык көргөнбүз. Бул жолу Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынан Тоң районунун Кара-Талаа айылына чейин баратканбыз. Бул аралык 25 чакырымдан ашык аралык, бул ультра сүзүү болуп саналат. Ал үчүн Эркин Асрандиев жакшы даярдык көрдү, ал тургай шамалдын согушун да эске алып аткан. Анын божомолунда, кечки саат төрт-бештерде шамал Тору-Айгыр айылы тарабынан согуп, тескей жээкке батыраак сүзүп жетүүгө жардам бермек.
Биз Чырпыкты айылынан бүгүн [31-августта] таңкы саат 7:20 чыкканбыз. Жакшы эле келе жатканбыз, ортодо Эркин Асрандиев тамак жеди (паста түрүндө атайын даярдалган тамак, аны жегенде адам ажатканага баргысы келбейт, өзүн да ток сезет). Бизди моторлуу кайык коштоп бараткан, бирок Эркин байкенин тамагы түгөнүп калгандыктан кайыкты кайра жээкке жиберген элек. Ал учурда Эркин байкенин сүзгөнүнө 10-11 саат болуп калган.
Өзүнүн эсебине ылайык ал жээкке 16 саатта жетмек. Бирок биз божомолдогондой шамал Тору-Айгыр тараптан эмес Балыкчы тараптан болуп, анын бийиктиги 3-4 метрге жетти. Толкундан улам мен Эркин байкеге кыйкырып, кол булгаласам да укпай сүзүп кете берди, суудан уккан жок окшойт.
Толкун кайыгымды оодарып салып, калагым сууга кирип кетти. Анан эптеп кайра кайыкты түздөп, ичине отурдум, куткаруучу чыптаманы (спасательный жилет) кийип алгам. Анан калактын ордуна шлепка менен эптеп 1-1,5 чакырымды басып өттүм. Толкун башталып, Эркин байке менден 100 метрдей алыстап кеткенде эле жээктегилерге, жубайына да чалдым. "Келгиле, бизде катуу толкун болуп атат" десем, тамакка кеткен моторлуу кайык толкун алардын да кайыгын оодарып атканын айтып, "чыга албайбыз" дешти. Толкун менин да кайыгымды оодарып салгандыктан, чөнтөк телефонум иштебей, кайра байланыша албай калдым. Мени түнкү саат 12лерде табышты, ойлогон деле эмесмин. Таң атса, эптеп жээкке жетээрмин дедим. Эң башкысы Эркин байкенин аман-эсен табылышын тилейм. Анын белинде байланган буёк бар, аны кучактаса чөкпөйт. Менин оюмда Эркин байке суудан жакшы сүзүп чыгып кетти."
Көлдө аман-эсен табылган Нарынбек Кемелов Эркин Асрандиев гидрокостюмчан экенин айтты. Ал эми тез жүрүүчү кемени Өрнөк айылынын тургуну Эркин Мамбеталиев бергенин кошумчалады.