Халилзад Ооганстанга барды
Кошмо Штаттардын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад өлкөдө тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын башташ үчүн 4-декабрда Кабулга барды.
Ал президент Ашраф Гани жана башка Ооганстандын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолугушкан соң Катардын баш калаасы Дохага учуп кетти. Халилзад ал жактан талибдер менен сүйлөшүүлөрдү жанданта турганын АКШнын Мамдепартаменти билдирди.
Буга чейин сүйлөшүүлөр сентябрда токтоп калган. Буга Кабулдагы талибдердин чабуулдарынын күч алышы түрткү болгон. Ноябрдын башында Трамп Ооганстандагы америкалык базага күтүүсүздөн барып кеткен. Ошондо ал 18 жылдык согушту токтотуу максатында куралдуу топ менен сүйлөшүүлөр жанданарын билдирген.