Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2019

Новости за 26.12.2019

«Хайп кармаган» саясатчылар

Azattyk.org 

“Карышкырларды танк менен аталы”, “кулакка тээп, лапша илбегиле”, “шаарга атайын түтүн каптатып жатат окшойт”. Эл өкүлдөрүнүн ушул өңдүү сөздөрү Интернет мемге айланып, коомчулукта күлкү да, талкуу да жаратты. 2019-жыл ичинде “балп” эткен саясатчылардын сап башында парламенттин депутаттары турду.

Тынчыбаган дүйнө, жылдызы жанган лидерлер

Azattyk.org 

2019-жылы дүйнөнүн төрт континентинде ири элдик толкундоолор болду. Бир жыл ичинде бир нече мамлекеттеги шайлоолордо саясий тажрыйбасы жок лидерлер суурулуп чыгышты. Дүйнөдө каршылык маанай күчөдүбү? Эски саясатчылар элдин ишенимин актай албай калдыбы? “Биз жана дүйнө" берүүсүндө талдадык.



Балаты майрамында кыялданган балакайлар

Azattyk.org 

26-декабрда өлкөнүн чар тарабынан окууда жана коомдук иштерде мыктылыгын көрсөтө алган миңден ашык окуучу Улуттук филармонияда президенттик балаты майрамына чогулушту. Арасында балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары да бар.

Навальный: эч ким кармалган жок

Azattyk.org 

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный өзү түзгөн фонддун кеңсесинде жүргүзүлгөн тинтүүдө кармалбаганын билдирди. "Эч ким кармалган жок. Алар болгону мени сыртка сүйрөп чыгарып коюшту", - деп жазды Навальный "Твиттердеги" барагына. Полиция 26-декабрда "Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун" Москвадагы кеңсесинин эшигин талкалап кирип, тинтүү жүргүзө баштаган. Көп өтпөй фонддун өкүлдөрү Навальныйды кеңседен кармап кетишкенин билдирип чыгышкан эле. Бул окуя боюнча полиция расмий маалымат бере элек. Читать дальше...

Ооганстан: талибдер кармап кеткен активисттер бошотулду

Azattyk.org 

“Талибан” кыймылы Ооганстандын батышында кармалган 27 активистти 45 сааттан кийин кайра бошотту. "Элдин тынчтык кыймылы" уюмдун бардык өкүлүнүн саламаттыгы жайында экенин 26-декабрда билдирди. Бирок  активисттер эмне себептен кармалганы же кандай талаптар коюлганы тууралуу маалымат берилген жок. Бул окуя боюнча талибдер да үн ката элек. "Элдин тынчтык кыймылынын" 27 мүчөсү 25-декабрда Герат провинциясынан келе жаткан маалда барымтага алынган. Өздөрүн бейтарап уюм катары мүнөздөгөн бул кыймыл Ооганстандын... Читать дальше...

"Азаттыктын" кабарчыларына өкмөттүн сыйлыгы тапшырылды

Azattyk.org 

“Азаттык” радиосунун кабарчылары өкмөттүн сыйлыгына татыды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сыйлыктарды 26-декабрда Өкмөт үйүндө тапшырды. Радионун кызматкери Рахат Кеңешовага “мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгегин баалоо иретинде” өкмөттүн Ардак грамотасы жана төш белгиси тапшырылды. Иликтөөчү журналист Кубанычбек Жолдошевге ишиндеги жетишкендиктер үчүн өкмөттүн энчилүү сааты ыйгарылды. Жалпысынан өкмөттүн сыйлыктары маалымдоо каражаттарынын отузга жакын өкүлүнө тапшырылды. Өз сөзүндө... Читать дальше...



Түркия: Хашоггинин өлүмү боюнча ачык-айкын иликтөө жүргүзүлүшү керек

Ca-irnews.com (kg) 

Түркиянын юстиция министри Абдулхамит Гүл Стамбулда кабарчылардын алдында саудиялык журналист Жамал Хашоггинин иши боюча Сауд Аравия сотунун өкүмүнө ишара кылып, бул окуя боюнча ачык-айкын иликтөө жүргүзүлүшү керек деп билдирди.

Рахмон өз ишин "ийгиликтүү" деп баалады

Azattyk.org 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон акыркы шайлоо өнөктүгүндө элге берген убадаларын аткарганын айтып, өзүнүн соңку президенттик мөөнөтүн "ийгиликтүү" деп мүнөздөдү. Ал 26-декабрда парламенттеги үч саатка созулган жылдык кайрылуусунда Тажикстандын ички дүң жыйымы 7 жыл ичинде 45 миллиард сомониден (4,5 млрд. доллар) 78 миллиард сомониге (8 млрд. доллар) өскөнүн, мамлекеттин бюджети менен элдин кирешеси эки эсе көбөйүп, жакырчылык 25 пайызга кыскарганын айтты.  Бирок эл аралык уюмдардын изилдөөлөрүндө... Читать дальше...

ABC News: АКШнын санкциялары Иранда рак менен ооругандардын өмүрүн коркунучка кептөөдө

Ca-irnews.com (kg) 

ABC News каналы шаршемби күнү АКШнын өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгып, санкцияларды кайтаруусу Ирандагы рак менен ооругандардын өмүрүн коркунучка салууда деп билдирди.

Алмазбек Атамбаевдин соту 9-январга жылды

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соту 9-январга жылды. Адвокаты Сергей Слесаревдин айтымында, күбөлөрдүн биринин ден соолугуна байланыштуу берилген өтүнүчтөн улам отурум кийинкиге которулду. Атамбаевдин соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында өтүп жатат. Айыптоочулар Алмазбек Атамбаев сотко келбей жатканын айтып, жараянды УКМКда өткөрүү сунушун келтирген. Адвокаттардын соттук отурумду Биринчи май райондук сотуна которуу өтүнүчү канааттандырылган эмес. Мындан кийинки отурум да УКМКда болору айтылды. Читать дальше...

Ооганстандагы чабуул алты аскердин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Ооганстандын түндүгүндөгү Балх провинциясында аскердик бөлүктү бутага алган жанкечти чабуулунан кеминде алты жоокер мерт болду. Коргоо министрлиги 26-декабрда таң эрте болгон кол салууну "теракт" деп атады. Маалыматка ылайык, жанкечти жарылуучу заттар шыкалган автоунааны аскердик бөлүктүн жанында жардыргандан кийин куралчан согушкерлер имаратка чабуул коюшкан. Жардыруу жана атышуудан кеминде үч аскер жараат алды. Балх провинциясынын губернаторунун басма сөз өкүлү Мунир Фархан согушкерлер менен... Читать дальше...

Кыргыз-өзбек жазуучулары байланышты чыңдоону макулдашты

Azattyk.org 

Кыргыз Улуттук жазуучулар союзу 23-декабрда Өзбекстан жазуучулар уюму менен адабий байланышты арттыруу, котормо жаатында кызматташуу боюнча меморандумга Ташкентте кол койду. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков баштаган делегация 22-25-декабрь күндөрү Өзбекстанда иш сапарда болду. Кыргыз жазуучулары расмий жолугушуудан соң Ташкент улуттук университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган музейде, Жызак облусундагы кыргыздар жашаган Манас айылында болушту. Кыргыз Улуттук жазуучулар союзу буга чейин Азербайжандын... Читать дальше...

Нарындагы кайберендер саналууда

Azattyk.org 

Дүйнөгө аты чыккан кайберендердин Кыргызстандагы саны 17 миңге жетет. Анын дээрлик жарымы Нарын облусунда. Жыл сайын бул жапайы жаныбарга санак эки жолу жүрөт. Жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу департаменти жүргүзгөн быйылкы кышкы санакка кабарчыбыз Мирлан Кадыров да күбө болду.

Москвада оппозициячыл саясатчы Навальныйды кармап кетишти

Azattyk.org 

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды Москвадагы кеңсесинен полиция кармап кетти. Бул тууралуу Навальный негиздеген "Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун" басма сөз катчысы Кира Ярмыш билдирди. Маалыматка ылайык, 26-декабрда укук коргоо кызматкерлери аталган фонддун Москвадагы кеңсесинин эшигин талкалап киришип, тинтүү жүргүзүшкөн. Навальныйдын өнөктөшү Леонид Волковдун айтымында, полиция келгенде кеңседе 40ка чукул адам болгон. Тинтүү башталганда фонддун юристтеринен башка бардык кызматкерлери сыртка чыгарылган. Читать дальше...


Музыкальные новости
Булат Окуджава

В БРХК прошел Урок памяти Булата Окуджавы





Rss.plus
#123ru.net

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает Государственной Думе РФ оптимизировать налоговую сферу. «СВЯТОЙ кибер ЛЕНИН» удаляет налоги: перезагрузка.




Центральный парк в округе Пушкинский стал вторым по посещаемости в Подмосковье

Москва освоила выпуск импортозамещающей RFID-продукции

Робототехническая олимпиада прошла в Истре

Гарнизонный суд Москвы сообщил об аресте начальника кадрового главка МО Кузнецова




Жогорку Кеңеште электр энергиясына болгон чектөөгө өзгөртүү киргизүү сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште Бишкек шаарынын абасынын булганышы талкууланып жатат. Абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарды азайтуу үчүн электр энергиясына болгон тарифтеги айрым чектөөлөргө өзгөртүү киргизүү сунушталды. Тагыраагы демилгечилер "0.77 сом" тарифинин чегин айына 700 кВт/сааттан 1500 вВт/саатка көтөрүүнү айтып чыгышты. Кыргызстанда электр тарифи акыркы жолу 2015-жылы жайында көтөрүлгөн. Бүгүнкү күнү 700 кВт саатка чейинки электр энергиясына баа 77 тыйын, андан ашканына 2.16 тыйындан тариф коюлган. Читать дальше...

Футбол борборун куруу маселеси шаардык кеңеште дагы каралбай калды

Azattyk.org 

Бишкек шаарында Футбол федерациясын куруу маселеси шаардык кеңеште 26-декабрда да каралбай калды. Депутаттар бир күнгө тыныгуу алды. "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Асылбек Кадыралиев бул иш чечилмейинче, шаардык кеңеште башка маселе каралбай турганын билдирди.  Кыргызстандын Футбол федерциясынын вице-президенти Дастанбек Конокбаев Бишкекте Футбол борборун куруу маселеси чечилбесе, улуттук курама баш калаада мелдештерге чыгуудан баш тарта турганын билдирди. Шаардык кеңеште Футбол... Читать дальше...

Өкмөт башчы журналисттерге каршы арыз жазууну туура эмес деп эсептейт

Azattyk.org 

"Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы доо арыз – талаштуу маселени жөнгө салуунун жалгыз жолу эмес". Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 26-декабрда Бишкекте журналисттер менен жолукканда айтты. "Тараптар маселени чечүүнүн альтернативдик шарттарын табууга аракет кылышы керек. Кыргызстандагы сөз эркиндиги – бул маанилүү жетишкендиктерибиздин бири. Биздин өлкө сөз эркиндиги боюнча аймактагы лидер болуп эсептелет. Бул - талашсыз факт. Биздин күчүбүз ачык-айкындуулукта. Биз эч... Читать дальше...

Орусия Кыргызстанда пилотсуз учак колдонууну сунуш кылды

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасында пилотсуз учактардын (дрон) бөлүгүн түзүүгө жол ачкан протоколду Мамлекеттик Думанын кароосуна жиберди. 26-декабрда Думанын электрондук маалымат базасынын сайтына илинген бул документ Кыргызстандын аймагында өзү учкан аппараттарды колдонууга да мүмкүнчүлүк берет. "Келишим учкучсуз авиациялык системаларга жана пилотсуз учуучу аппараттарга байланыштуу терминдер менен толукталып жатат. Пилотсуз учуучу аппараттарды колдонууга... Читать дальше...



Москва

Роботы-курьеры «Яндекса» будут доставлять заказы в ещё нескольких районах Москвы


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Баста

Брейн присоединился к СКА. Баста выложил фото с ним: «Приветствуем Сергея в нашей большой семье»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Благодаря акции МТС Банка реабилитационная помощь в России станет доступнее

«БЛИЦ», «БИТВА СТРАТЕГИЙ», «ДУАТЛОН» инсайд новых дисциплин в спортивном программировании

Не успели программисты сдать ГТО. Теперь УМО?


Новак Джокович

Кто транслирует бой Табило против Джоковича на турнире Rome Masters 1000?



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Киев

Мечтающего по победе Киева Макаревича* проверят на экстремизм



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России