Босния-Герцеговинада өкмөт башчы дайындалды
Босния-Герцеговинада 14 ай мурда өткөн парламенттик шайлоодон кийин акыры премьер-министр дайындалды.
5-декабрда өткөн добуш берүүдө парламент экономист Зоран Тегельтиянын талапкерлигин колдоду. 58 жаштагы Тегельтия жыл соңуна чейин өкмөттү курап, андан соң өз аракетин керектүү, Евробиримдикке мүчөлүккө түртө турган реформаларды баштоого жумшарын билдирди.
Партиялардын саясий лидерлери орток пикир таба албагандыктан Босния-Герцеговинада өкмөт башчы шайланбай келген.
Төрт миллион калкы бар, Европадагы эң жакыр мамлекеттердин бири 20 жыл мурдагы согуштун кесепеттеринен ушул күнгө чейин арыла албай келет.