Бишкекте дагы үч эм төрөлдү
Бишкектин Перинаталдык борборунда дагы үч эм төрөлдү.
Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, 35 жаштагы келин 2-декабрда көз жарган.
Ымыркайлардын үчөө тең кыз. Эненин да, наристелердин да абалы жакшы.
Ушуну менен быйыл бул төрөт үйүндө жетинчи жолу үч эм жарыкка келди.
Быйыл февралда Перинаталдык борбордо төрт эм төрөлгөн. Аларды ата-энеси Арууке, Акбермет, Айчолпон жана Сооронбай деп аташкан. (RK)