Украина: депутат парламенттеги мушташтан соң ооруканага түштү
Украинадагы “Эл кызматчысы” партиясынын депутаты Андрей Богданец парламенттеги мушташтан кийин ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу анын кесиптеши Евгения Кравчук «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анын айтымында, Богданец мээси чайкалган болушу мүмкүн деген кооптонуу бар.
“Эл кызматчысынын” депутаты 11-декабрда “Эркиндик” фракциясынын депутаты Эдуард Леонов менен Жогорку Радада айыл чарба жерлерин менчиктештирүү маселеси каралып жатканда мушташа кеткен. “Эркиндик” фракциясы жерди менчиктештирүүгө каршы болуп келатат.
Бийликтеги “Эл кызматчысы” партиясы билдирүү таратып, мушташты мыйзам чыгаруу ишин үзгүлтүккө учуратууну, парламенттеги абалды бузууну көздөгөн атайын уюштурулган чагым деп баалады.
13-ноябрда украин мыйзам чыгаруучулары айыл чарба жерлерин сатуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышкан. Бирок мындай кадам жерлерди чет элдиктердин сатып алуусуна жол ачат деген чочулоо да бар.