Жээнбековдун Бириккен Араб Эмирликтериндеги расмий сапары башталды
Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмирликтерине (БАЭ) расмий сапар менен барды.
Сапар алкагында кыргыз мамлекетинин башчысы Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы жана БАЭнин вице-президенти, премьер-министри Мухаммед бин Рашид Ал-Мактум менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.
Мындан тышкары БАЭнин Соода-өнөр жай палатасынын, ири компаниялардын жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, Зайед фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Ал-Амери жана БАЭде убактылуу жашап жаткан кыргызстандыктар менен жолугушат.
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын расмий маалыматына караганда, 2011-жылы эки өлкө ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү 300 млн доллар болгон, ал эми 2015-жылы 100 млн долларга араң жеткен. (RK)