ИИМ: Зарылбек Рысалиевдин чет өлкөгө чыгуусуна чектөө жок
Зарылбек Рысалиевдин чет өлкөгө чыгуусуна чектөө жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Жапаркулова “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, чектөө быйыл 2-ноябрда алынган:
- 2-ноябрда адвокаттын «Рысалиев чет жакта дарыланышы керек» деген өтүнүчү боюнча ИИМдин Тергөө кызматы анын ден соолугунун абалын жана дарылануу зарылчылыгын эске алып Кыргызстандан тыш жакка чыгуусуна чектөөнү алып салган.
Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегациянын курамында Бириккен Араб Эмирлигине кетти. Бул маалыматты өлкө башчысынын маалымат кызматы тастыктады.
Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылышы боюнча козголгон кылмыш ишинде фигурант. Ал август айында үй камагында калтырылган.
Кылмыш кодексине ылайык, үй камагы айыпталуучунун эркин жүрүшүнө чек коёт. Ал адамга кайсы бир жарандар менен кабар алышууга, күнү-түнү же күндүн анык учурунда турак жайынан жана соттун уруксаты жок административдик аймактын чегинен чыгууга тыюу салынат.
Зарылбек Рысалиев Батукаев бошотулган маалда Жаза аткаруу кызматынын төрагасы болгон. Бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече адамга айып тагылган. Алардын ичинен мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов, мурдагы баш прокурор Аида Салянова камакка алынып, кийинчерээк тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн үй камагына чыгарылган. (RK)