Сариев: Матраимовдорун доосу сөз эркиндигине бөгөт коёт деп айтууга эрте
Матраимовдордун үй-бүлөсү үч басылманы сотко бергенин сөз эркиндигине бөгөт коюунун көрсөткүчү катары мүнөздөөгө эрте. Мындай пикирин Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы, саясат талдоочу Акылбек Сариев билдирди:
- Эгер ушунун арты менен журналисттер ишмердигин токтотсо, анда сөз эркиндигине бөгөт коюлду деп айтса болот. Баары журналисттердин мындан кийинки иш-аракетинен көз каранды. Токтоп калышабы же тирешип, чындыкты жеткиргенге аракет кыла беришеби?
Сариев демократиялуу коомдо журналисттерди сотко берүү кадыресе көрүнүш экенин кошумчалады.
Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду.
Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койду.
Арыз 9-декабрда жазылганы, соттун аныктамасы 10-декабрда чыгып, Кыргызстандагы бардык банктарга жиберилгени 12-декабрда маалым болду.
Соттон келген аныктамага ылайык, арыз төмөнкүлөрдүн атынан жазылган:
Искендер Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты;
Райымбек Матраимов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары;
Минавар Жумаева, Искендер Матраимовдун аялы;
Уулкан Тургунова, Райымбек Матраимовдун аялы;
«Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фонду.
Доонун суммасы:
«Азаттык Медиа» мекемесине – 22,5 миллион сом;
Журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом;
24.kg маалымат агенттигине – 15 миллион сом;
«Клооп Медиа» коомдук фондуна – 12,5 миллион сом
Соттун аныктамасында Матраимовдордун арызы эмнеге байланыштуу экени так көрсөтүлгөн эмес. Мурдараак Райымбек Матраимов журналисттер аткезчиликке байланыштуу чыгарган иликтөөлөргө байланыштуу сотко кайрыларын билдирген болчу.
Бир катар медиа уюмдар үч басылманы жана кабарчыны сотко берүүнү, алардын банк эсептерин дароо камакка алууну сөз эркиндигине чабуул катары баалап жатышат. (SE)