Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Хот- дог сыяктуу америкалык даам көп өлкөлөрдө бар. Анын катарында биздин мамлекет да турат. Биздин өлкөдө хот-дог эчак эле элдин сүйүп жеген тамагына айланган.
Бирок, элдин сүйүүсүнө карабай хот- дог сатуу базар сегментинде анча өнүкпөгөн түр катары кабылданат. Ошол эле убакта, бир араба хот- дог жасап сатуу күн сайын жакшы киреше алып келиши мүмкүндүгү айтылат.
Хот — дог — бөлкөнүн ичиндеги сосика- фаст -фуддардын көптөгөн түрүнүн бирине кирет, анда башка да гамбургер, шаурма, чизбургер жана башка тез даяр болуучу тамактардын аталыштары бар.
Бүгүнкү күндө хот -дог жасаганга ыңгайлашкан экспресс- кафе жана павильондор абдан аз. Ошол эле убакта бардыгы мезгилдик мүнөздү карманышат. Жайында мындай павильондор жетиштүү активдүү иштешет, соода ишкерлерге жакшы киреше алып келет. А кышкы убакта коомдук тез тамактануу жайларына суроо -талап азаят.
Эгер сиз хот -дог сатуу боюнча бизнес ачууну ойлонсоңуз, анда ишмердүүлүктүн уюштуруу укуктук форматын тандаңыз. Заманбап базарда хот -дог менен ири копманиялар да, жеке ишкерлер да шугулданышат.
Бизнес чындап ийгиликтүү болсун десеңиз, ошол аймакта хот- догдун популярдуулугунун өсүшүнө аракет жасоо керек. Ийгиликке жетишүүнүн башкы шарты -бир гана сапаттуу чийки зат менен азыкты даярдаңыз.
Бул бир гана нан менен сосискага тийиштүү эмес, хот-догго кошулчу соус, жашылча кошулмаларын да караңыз. Ар бир ишкер ишмердүүлүгүнүн башталышында, андан кийин да абдан маанилүү суроого такалат: импорттук соус жана кошулмаларды кошуу керекпи же атамекендик азыктарга басым жасоо туурабы? Кайсы жакта жасалган азык болбосун, сапаты боюнча батыш үлгүсүнө орун бошотпогондон табуу керек.
Хот- дог жасоодо керектеле турган бардык ингредиенттер атамекендик кардарларга тааныш болушу шарт. Бул хот -догго суроо- талаптын өсүшүн камсыздайт. Хот- дог сатууга киришердин алдында деталдуу бизнес план түзүңүз. Бул документтин барактарында идеяларды ишке ашыруунун ар бир кадамы чагылдырылсын жана киреше менен чыгашалар кандай болоорун да божомолдоңуз.
Биринчи кадамда бардык тийиштүү документтерди даярдоо сунушталат. Хот -дог сатуу түйүнүн ачуу ишкананы каттоодон өткөрүү, жер тилкесин ижарага алуу келишими, азык соодасын ишке киргизүүгө жергиликтүү санитардык- эпидемиологиялык станциянын башкы дарыгеринин уруксаты, ошондой эле ал соода түйүнүнүндө иштей турган сатуучунун жеке карточкасы сыяктуу документтердин топтомун талап кылат.
Андан тышкары, ишкер документке продукцияны жасоого кошула турган азыктардын түрлөрүн да көрсөтүүгө тийиш, документтерде анын баарын факт менен бекитсин. Алкоголдук ичимдиктерди, анын ичинде пивону да сатууга атайын башка уруксат кагазы керектелет.
Хот- догдорду жасап сатуу боюнча соода түйүнүнүн кирешелүүлүгүн кыялданаардан мурда бул түйүн кайсы жерде жайгашканына маани бериңиз. Анткени, андан көп нерсе көз каранды. Кадимки соода түйүнүн стационардык павильон түрүндө же, жылып жүрүүчү күркө катары ачсаңыз болот. Кандай болбосун, соода түйүнү элдин күчтүү агымы үзгүлтүксүз агылып турган жерде жайгашууга тийиш.
Бирок, элдин күчтүү агымы өтүп турган жерге соода түйүнүн ачып койсом эле бизнес ийгиликтүү жүрө баштайт деп ойлоо туура эмес. Эл шашылып чуркап өтө тур жер эмес, абдан шашып бараткан адам да жок дегенде 15- 20 мүнөт токтоп, ашыкпай тамактанып алууга ыңгайлуу жай болушу керек.
Так ушул нерседен улам хот -дог сатуу түйүнү соода борборлорунда, көңүл -ачуу соода борборлорунда жайгашканы ыңгайлуу. Спорттук комплекстерде парктарда, ар түрдүү туристтик багыттар жүрө турган жерлерде да жайгашканы жакшы. Албетте, эгер сиз бизнес ачкан шаарда андай жерлер болсо.
Күркөнүн аянты тандап алган жердин аянтына жараша болот. Хот- дог арабасы эки чарчы метрдей аянтты камтыйт, а стационардык павильон аянттын үч чарчы метрдей жерин ээлейт. Соода түйүнүнөн анча алыс эмес жерге атайын контейнер орнотуп, ага колдонулган, бир жолку колдонууга ылайыкталган идиштерди жана башка таштандыларды таштаңыз. Ошондо, сиз коомдук тазалыкты да талап кылынган чекте карманган болосуз.
Андан соң соода түйүнүнүн туруктуу жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуучу бардык жабдыктарды сатып алуу керектелет. Учурда жабдыктардын эки түрү бар: адаптацияланган жана атайылаштырылган.
Атайылаштырылган жабдыктар бир гана хот -догду жасоого арналган.
Мындай жабдыктарды сатып алуу ишкер андан ары ишмердүүлүгүнүн түрүн өзгртпөйм деп ишенсе гана туура. Эгер ишмердүүлүктүн дагы башка түрлөрүнө өтүп көрөм деген ниет бар болсо, анда адаптацияланган жабдыктарды алган оң, аны бир аз өзгөртүп шашлык жасоого жана башка тамактарды жасоого ыңгайлаштырса болот.
Хот -дог жасоо жабдыгы электр, же жаратылыш газы менен иштейт. Ар бир жабдык өзүнүн жетишкендиктерине жана кемчилдиктерине ээ. Электрдик жабдык өтө ийилчээк болбогондуктан, электр тогун алуучу булакка туташтырылат. А жаратылыш газы жабдыгы ийилчээк, анткени, ал алынып келинген газ баллондору менен иштейт.
Соода түйүнүнүн андан ары жолго коюлуп, ийгиликтүү иш алып кетүүсүнө андагы алынган жумушчулар да таасирин берет. Эгер сөз жылып жүрүүчү күркө тууралуу болсо, анда бир гана жумушчу алуу жетиштүү. Мындай соода түйүнүнө өзүнчө кассирдин деле кереги жок. А хот- дог сатуу боюнча станционардык түйүн ачам десеңиз, толук бир штат жумушчулар керектелет.
Алардын ар бири сөзсүз түрдө медициналык текшерүүдөн өтүшү керек, тамак- аш жаатында иштөөсүнө уруксат берчү тийиштүү сертификаттарды алышсын. Ишти мындай өңүттө уюштуруу керек — тамак — аш менен иштеген адам акчаны кармабагыдай болсун. Бизнести сабаттуу жолго койсо: хот- дог сатуу ишкерге бир топ маанилүү киреше алып келет.
52 просмотров всего, сегодня нет просмотров