Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Үйлөнүү үлпөтү — бул акча табуунунун жана ишкердүүлүктүн кеңири мүмкүнчүлүгү. Ар бир колукту парпыраган көйнөк үчүн канча болсо да акча сарптоодон кайра тартпайт. Сатып алат, же ижарага алат. Анан тышкары колуктунун курбусу да сиздин потенциалдуу кардарыңыз болот. Эгер сиз үйлөнүү үлпөт көйнөктөрүн тигип сатуучу, же жөн гана ижарага берүүчү ателье ачууну ойлонсоңуз, баарын бизнес- план менен баштаңыз.
Ателье ишинин башталышында мыкты жумушчуларды табуу керек: тигүүчүлөр, бычмачылар бир гана кесипкөй эмес, оң энергетиканын да ээлери болууга тийиш. Ал турмак өзүнчө психолог болушса да аша чапкандык эмес. Белгилесек, 2010 -жылдан тартып мындай бизнестин ишчилери базарды анализ жүргүзүүнүн жардамчылары жана кардарлар менен иштешүүнүн чеберлери болуп калышты. Соцтармактарда активдүү болуп, ательеңизди жарнамалашыңыз керек.
Практика көрсөткөндөй, ательеге биринчи акча коюуга 100 миң сомдой керектелет. Акчанын жарымы атайын техникаларды алууга кетет: тигүү машинкасынан баштап оверлокко чейин.
Кийим тигүү ательеси турган имаратты ижарага алууга туура келсе, жакшысы, шаардын тынч райондорунан тандоо керек. Түрлөрүнө келсек, аз дегенде 15 -20 көйнөктүн түрү болушу шарт. Даяр үлгүдөгү кийимдерди кайра иштеп чыгып, дизайнын өзгөртүп, кичирейтип ж.б. иштер менен кышкы мезгилде алектенүү туура. Анткени, бул кезде үйлөнүү үлпөт тойлору азайып, убакыт кеңейет. Буга окшош дагы бир бизнес кош бойлуулар үчүн киийм тигип сатуу, же ижарага берүү да кирет.
Авто- ЗАГС
Үлпөт тойлорунун жолун улай, тойго керектүү буюмдарды сатуу менен тойдун өзүн уюштуруу иштерин колго алса да болот. Жыл сайын ЗАГСтагы салтка айланган каттоого туруу аземи зеригичтүү жана кайталанма экенин айтып наалыгандар көп. А чакыртырып келүүчү азем каттоого тургандар үчүн кымбат болуп калышы мүмкүн. Бизнестин көңүлдү бурган эки түрүн кошуп, көйнөк жана автоунааны колго алып, сиз ийгиликтүү бизнести: авто-ЗАГСты колго аласыз.
Чындыгында, анын схемасы сиздин компанияңыздын ташуучудан баштап ивент- менеджерге чейин тыкыр иштешүүсүнөн жаралат. Жарандык никени каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен да келишимге келесиз. Алар сиздин ыгыңызга көнсүн десеңиз, башка жакка чыгуу милдеттерине кирбегендиктен, ал үчүн жогорку маяна төлйсүз, же ар кандай бонустарды бересиз, албетте, мунун баары той өткөрүүчүлөрдүн чөнтөгүнөн жумшалат.
Автону бизнестин башталышында сатып алуу болбойт, жакшысы ижарага алыңыз. Ошондо, сиз бир убакта бир нече кирешеге ээ болосуз , аз өлчөмдөгү инвестиция сарпталат, ар бир тойдо баш кошкон жубайлардын табитине жана тойго келчү коноктордун сананын жараша ар башка үлгүдөгү автоунааларды чыгарасыз. Убакыттын өтүшү менен тажрыйба топтоп авто-ЗАГСка кайсы автоунаанын үлгүсү туура келерин билип каласыз. Ошентип акырындык менен анча чоң эмес автопарк уюштурасыз.
Негизи каттоого турчу жубайлардын чөнтөгүнөн кетчү чыгалашардын тизмеси төмөнкүдөй көрсөтүлөт:
1. Жаш жубайларга кеңеш берүү
2. Арыз таштоо
3. Салтанаттуу азем
4. Нике тууралуу кбөлүк алуу
5. «Аял» товарлардын онлайн-дүкөнү
Мамлекетибизде интернет тармагынын колдонуучулары күн өткөн сайын арбып баратат. Ошондуктан интернет- дүкөн ачуу кыйын эмес, кыйыны бул бизнесте кармалып калуу.
Окурмандарга интернет- дүкөндөрдү ачуу боюнча негизги макала менен таанышууну сунуштайбыз. «Простобанк Консалтинг» компаниясынын маалыматына караганда, 2012-жылдын 17-октябрына алынган эсеп боюнча интернет — дүкөнүн ачууга биринчи инвестиция: товар сактоочу жайды ижарага алуу, товар сатып алуу жана курьер жалдап, автоунаа алуу, хостингге төлөм жана ишти жолго коюуга бир жылда болжол менен 8 миң доллардай акча кетет.
35 просмотров всего, 2 просмотров сегодня