Токаев митинг тууралуу жаңы мыйзам кабыл алууга дагы убада берди
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 20-декабрда Нур-Султан шаарында "Коомдук ишеним кеңеши" менен жолугушууда тынч жыйындар тууралуу мыйзамды жакшыртууга дагы убада берди. Ал "митинг өткөрүү маданиянын коомчулуктун аң-сезимине сиңирүүгө мезгил жетти" деп айтты. Токаев мыйзамдарды жакшыртуунун чоо-жайын тактаган жок, бирок "мамлекет да, коом да өз пикирин ачык билдирүүгө туура мамиле кылып, көнүшү зарыл экенин" белгиледи.
Токаев быйыл жайында президент болуп шайлангандан тарта тынч жыйындар тууралуу мыйзамдарды кайра карап чыгууга бир канча ирет убада берген.
Казакстанда быйыл бир катар нааразылык акциялары өттү жана ал ондогон адамдын камалышы, көчөгө чыккандардын кууп таратылышы, соттук жараяндар менен аяктады. Буга байланыштуу "Human Rights Watch" эл аралык укук коргоо уюму Нур-Султанды Казакстандын бийлигин тынч жыйын өткөрүүгө киргизилген чектөөлөрдү алууга жана куугунтукту токтотууга чакырды.
Казакстанды 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевдин ордун баскан Токаев 2011-2013-жылдары БУУнун баш катчысынын орун басары болуп иштеген.