Орусия менен Украина газ ташуу тууралуу макулдашты
Москва менен Киев 2020-жылдын 1-январынан тарта газ ташуу тууралуу макулдашты. Бул тууралуу Европа Комиссиясынын вице-президенти Марош Шефчович Берлиндеги 19-декабрдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин басма сөз жыйынында билдирди. Европа Биримдиги жана Германиянын ортомчулугу астында өткөн бул жолугушуу дээрлик тогуз саатка созулду.
Шефчовичтин айтымында, тараптар Орусиядан Европага Украинанын аймагы аркылуу ташылган газдын көлөмү жана келишим тууралуу макулдашты жана документ ушул жылдын аягына чейин кабыл алынышы ыктымал.
Орусиянын энергетика министри Александр Новактын сөзүнө караганда, эки өлкөнүн өкүлдөрү болочок келишимдин чоо-жайын такташты. Украинанын энергетика министри Алексей Оржель да протокол даярдалып жатканын бышыктады.
Орусиядан Украинанын аймагы аркылуу Европага газ ташуу тууралуу Москва менен Киевдин ортосундагы келишимдин мөөнөтү ушул жылдын соңунда аяктайт. Эки өлкөнүн президенттери Владимир Путин менен Владимир Зеленский өткөн аптада Парижде жолукканда бул маселе боюнча орток пикирге келе алышкан эмес.