Ооганстандын түндүгүндө жер силкинди
АКШнын геологиялык кызматы жер титирөөнүн күчү 6,1 баллга жеткенин кабарлады. Табыгый кырсык эл аз жашаган, Бадахшан провинциясынын түштүк-батышындагы Журма аймагында, 200 чакырым тереңдикте орун алды.
Зилзаланын күчү Пакистанда, Индияда да сезилди жана ондогон адам турак-жайын таштап көчөгө качып чыгышты. Азырынча жер титирөөнүн кесепети тууралуу айтыла элек.
Аталган аймакта маал-маалы менен жер силкинип турат. 2015-жылы октябрдагы зилзалада Ооганстан, Пакистан жана Индияда 400дөн ашык адам ажал таап, миңдеген адам турак-жайсыз калган.