Австралияда Рождествону 40 градустук ысыкта белгилешти
25-декабрда дүйнөдөгү миллиондогон христиандар Ыйса пайгамбардын туулган күнүн же Рождествону майрамдап жатышат. Быйыл австралиялыктар бул майрамды рекорддук ысык аба ырайы өкүм сүрүп жаткан учурда белгилешүүдө.
"Reuters" жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, Рождество белгиленген күнү Австралиянын айрым аймактарында абанын температурасы 40 градуска көтөрүлдү. Буга байланыштуу миңдеген адамдар майрамды суу жээкте өткөрүштү. Ошол эле учурда Австралиянын түштүк-чыгышындагы токойлорду каптаган өрт өчүрүлүп жатты.
Австралияда бир нече аптадан бери өрт токтобой жатат. Тилсиз жоодон кеминде 8 адамдын өмүрү кыйылып, 90го жакын турак жай жана 3,7 миллион гектардай аймак күйүп кетти.
Рождество - христиан дининдеги эң чоң майрамдардын бири. Аны католиктер менен протестанттар 25-декабрда, ал эми православдар 7-январда белгилешет.