Акматалиев: президент суроолорго чын жүрөктөн жооп берди
Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз жыйыны бүйүр кызыткан бардык суроолорго жоопторду камтыганын билдирди. Мындай пикирин "Азаттык" радиосуна айтты:
- Бардык суроолорго ачык-айкын жооп берди. Айрымдар ага ынанбашы мүмкүн. Бирок Жээнбеков чын жүрөктөн жооп берди.
Мамлекет башчынын 2019-жылды жыйынтыктаган басма сөз жыйыны "Ала-Арча" резиденциясында 25-декабрда өттү. Ага 90дон ашуун медиадан 188 кабарчы катышты. Бирок бир топ журналисттер суроо узатууга жетишпей калышты.
Президент сот реформасы, коррупция, социалдык маселелер жана башка багыттагы суроолорго үч саат аралыгында жооп берди.