Түркия: Хашоггинин өлүмү боюнча ачык-айкын иликтөө жүргүзүлүшү керек
Түркиянын юстиция министри Абдулхамит Гүл Стамбулда кабарчылардын алдында саудиялык журналист Жамал Хашоггинин иши боюча Сауд Аравия сотунун өкүмүнө ишара кылып, бул окуя боюнча ачык-айкын иликтөө жүргүзүлүшү керек деп билдирди.