Жээнбеков: Сезилерлик натыйжаларга жетише алдык
Мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигинин эриш-аркак иштөөсүнүн натыйжасында 2019-жылы Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө, аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттин саясатты, санарип трансформация жана сот-укук реформасын илгерилетүүдө сезилерлик натыйжаларга жетишүүгө мүмкүн болду.
Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 31-декабрда Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушууда айтты.
Жолугушууда 2019-жылдын негизги жыйынтыктары жана келерки жылдын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө пикир алышуу болду.
«Өтүп бараткан жыл ар түрдүү, анын ичинде эл аралык мүнөздөгү иш-чараларга бай болду. Биз биргелешип жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу, экономиканы өнүктүрүү боюнча иштерди улантабыз деп ишенем» деп белгиледи мамлекет башчысы.
Кыргызстандын Конституциясы боюнча бийлик биринен бир коз каранды эмес үч бутактан турат - аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот.
2019-жыл өлкөдө Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланган. (RK)