Мамкаттоонун мурдагы жетекчилерине салынган айыппулдун өлчөмү белгилүү болду
Кыргызстанда электрондук паспортко бланктарды алууга байланыштуу тендер боюнча иш козголгон, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарлары Руслан Сарыбаевге, Данияр Бакчиевге жана “Инфоком" мамлекеттик ишканасынын экс-башчысы Талант Абдуллаевге акчалай айыппул салынып, эркиндикке калтырылды.
Мындай чечим 29-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кабыл алынганын аталган соттон кабарлашты. Маалыматка ылайык, Сарыбаев менен Абдуллаевге 270 миң сомдон, ал эми Мамкаттоонун статс-катчысы Данияр Бакчиевге 230 миң сом айыппул салынган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) электрондук паспорт чыры боюнча былтыр иш козгогон. Анда аталган адамдар «тендерде литвалык компаниянын утушуна кызыкдар болгон» деп айыптаган.
Бул жаңжалга байланыштуу Каттоо кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарлары Руслан Сарыбаев жана Данияр Бакчиев жана “Инфоком" мамлекеттик ишканасынын экс-башчысы Талант Абдуллаев камакка алынып, тергөө менен кызматташууга макул болгондон кийин үй камагына чыгарылган.
Мамкаттоонун мурдагы төрайымы Алина Шаиковага былтыр август айында иш козголуп, ал өлкө аймагынан чыгып кеткен. Ички иштер министрлиги Шаикованы издөө иши уланып жатканын билдирип келет.(BkA)