Чек арадагы Чоң-Сайдын тургундары өкмөт өкүлү менен жолугушту
Ала-Бука районунун чек арадагы Чоң-Сай айылынын тургундары өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев менен жолугушуу максатында 9-январда Жалал-Абад шаарына келишти. Жергиликтүү тургундар «Азаттыкка» билдиргендей, алар чек ара маселесин эртерээк чечип берүүнү өкмөт өкүлүнөн суранышты.
Облус башчысы Кыянбек Сатыбалдиев Чоң-Сайдан келген 9 жашоочуну кабыл алганын жана аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн айтты:
- Облус аймагында учурда Өзбекстан менен 6 такталбаган участок калды. Алардын бири Ала-Бука районунун Чоң-Сай айылында. Бул багытта азыр эки өлкөнүн жумушчу топтору иштеп жатат. Эң негизгиси - биз эки өлкөнүн мамилесине доо кетирип алуудан сак болушубуз керек. 6-январдагы Ак-Курча участогундагы чек ара чырынан улам бир жарандын колуна ок тийди деген маалымат такталбады. Жергиликтүү тургун медициналык кароодон өткөн эмес экен. Бирок ага карабай тийиштүү кызматтарга соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү боюнча тапшырма бердим. Колуна октонбу же башка нерседен жараат алганын так аныкташы керек. Бул багытта 9-январдагы координациялык кеңешмеде да маселе каралып, талкууланды.
6-январда да кыргыз жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чыккан. Абал курчуп кетип, өзбек аскерлери асманга эскертүү иретинде ок атышкан. Андан эч ким жабыркаган эмес. Андан мурадараак жергиликтүү тургундардын бири октон колунан жеңил жараат алганын билдирген болчу.
Окуя Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагындагы Ак-Курча деген жерде болгон. Кыргызстандыктардын кой-эчкиси эки өлкө ортосундагы такталбаган аймакка өтүп кеткендиктен, өзбек аскерлери аларды алып коюшкан. Ошондон кийин коңшу өлкөнүн чек арачылары менен мал ээлери уруша кетишкен.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району менен Өзбекстандын Наманган облусу чектешкен аймакта 19 миң гектардан ашык аянт талаштуу деп эсептелет. Эки мамлекет тең жарандардын ортосунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат.Эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымга созулат. Анын 85% такталганы расмий айтылган. (RsK)