Ак-Сууда чарчап калган кыздын денесинде көгала тактар болгон
Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мирлан Акуновдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, наристе райондук ооруканага 10-январда түндө келип түшкөн.
"Наристенин денесин кароо учурунда далысында жана төш жагында көгала тактар болгондуктан соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат", - деди Акунов.
Ак-Суу райондук ооруканасынын жетекчиси Эркин Урманаевдин маалыматына караганда, бир жаштагы Ясина оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 10-январь түнү жеткирилип, 11-январда чарчап калган.
Иликтөөдө аныкталган маалыматтарга караганда наристенин атасы жарым жыл мурда каза болгон, апасы ошондон кийин Түркияга иштегени кетип, кыз таята-таенесинин колунда калган. (KS)