АКШ менен Израил Иранды антисемитизм үчүн айыптады
Освенцим концлагери бошотулганынын 75 жылдыгын эскериш үчүн Иерусалимге ондогон өлкөлөрдүн жетекчилери чогулушту.
Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Иранды «антисемитизм өнүккөн режим» деп атап, «дүйнөдө экинчи Холокост болбойт» деди. Ал Холокост форумунда сүйлөп жатып: «Биз антисемитизм өнүккөн, өзөктүк курал менен жалгыз еврей мамлекетин жок кылууну көздөгөн режимге каршы биргелешкен жана чечкиндүү позицияны эми көрөбүз» деди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Пенс эл аралык коомчулукту «Холокостту тааныбаган» Иранга каршы турууга чакырды.
Расмий Тегеран еврейлерге каршы саясат тууралуу айыптоолорду четке какты. Иран бийлиги еврей мамлекетине каршы чыгып, палестиндерди колдогону менен еврей элине эч кандай жамандыгы жок экенин маалымдады.
Нацисттер Польшаны оккупациялап турган кезде Освенцим-Биркенау лагеринде 1 миллион киши кырылган, алардын көпчүлүк бөлүгү еврейлер болгон. Бардыгы болуп Холокостто 6 миллион еврей өлгөн.