Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2020

26.11.09

0

«Алиби», 26.11.09

  Бардык бийлик Бакиевдерге!

Чукуса табылат же азыркы бийликтин моралдык жүзү
Бакиевдердин бийлиги эми 5 жылдан кийинби же 20 жылдан кийин алмашабы — өзүнөн кийинки келе турган бийликке жаман үлгү көрсөтүп жатат. Ата-бабалардын сөзү менен айтканда, «этеги жаман жеринен жыртылып калды.» Ал кандай үлгү? Бул эми узун сабак кеп. Азырынча, биз оңтойлуу жерлерин гана айтып өтөлү.

Бийликке Бакиев «манты жеп отурган жеринен эле» отуруп калганын өзү да, Акаевди төңкөрүп таштагандары да айтып-жазып жүрүшпөйбү. Бийликти төңкөрүш менен алыштын өзү-мыйзамсыз иш.(Дүйнө тажрыйбасында бийликти ушундай жол менен алгандарды диктаторлук,хунталык бийлик деп жүрүшөт). Муну Бакиевге Байболов эскертип, аны ыңгайсыз абалга калтырганы эсиңердеби? «Реформа үчүн» кыймылы 29-апрель 2006-жылга белгиленген жалпы улуттук митингге даярданып жатса, бийлик ал митингди болтурбоо аракетинде кыймылдын 3 өкүлү — Ө.Текебаев,К.Байболов, Т.Сариевди сүйлөшүүгө чакырат. К.Бакиев менен бирге ал эрөөлгө өкмөт башчы Ф.Кулов менен чай куюп турган биринчи вице-премьер А.Мадумаров да катышкан.
К.Бакиев «Атамбаев эмне деп сөз айтып жүргөнүн билем. Эскертип коёюн-эгерде силердин адамдар Ак үйдү ээлейбиз же ага киребиз деп аракет кылат экен, аларга катуу чараларды көрөм. Ак үйдүн темир тосмосуна кимдин колу тийсе, анын манжаларын бырчылдатабыз. Атамбаевге айтып койгула, оозуна келгенди оттой бербесин. Жок, уланта берсе,аны отургузуп коёбуз…» деп күпүлдөйт. Анда Байболов чыдай албай «Курманбек Салиевич, Кылмыш-Жаза Кодексине ылайык 2005-жылдын март окуясына да, кокус апрелде да ошондой окуя болуп кетсе — Кудай андай болтурбай эле койсун дечи — буга да бирдей эле беренелер колдонулат. Жоопкерчилиги да бирдей. Эгер сиз айткан логикага баш ийсек, анда баарыбыз түрмөгө отурушубуз керек. Мейли, анда биринчи камерада Атамбаев отурсун, экинчисинде — Сиз, үчүнчүсүндө — мен, төртүнчүсүндө — Текебаев, бешинчисинде — Сариев, алтынчысында — Кулов… Кулов селт этип «Мен эмне үчүн?» деп жиберсе, анда Байболов тамашага чалып «Компания үчүн» деп үтүктөп койгон.
Мына ушул аргументтерди Балыкчыда шайлоо күнү камалгандар, алардын жакындары, жактоочулары байма-бай айтып жатышат. «Биз таза шайлоо өтсүн, участкалык комиссия шайлоо Кодексин бузуп жатканына бийлик көз салып, аларды четтетсин» деген гана талап менен келгенбиз» деп адилеттик издешүүдө. Бирок камактагыларга «бийликти күч менен басып алууга аракет кылган, Конституциялык түзүлүштү бузууга чакырышкан, массалык баш-аламандык уюштурушкан» деп оор жана чындыкка төп келбеген айыптар тагылууда. Айласы кеткенде абактагылар жана алардын жакындары «анда 2005-ж. мартта бийликти күч менен басып алгандар да бизге окшоп жоопко тартылсын» деп жаткандары ошондон. Демек, чукуса чыга берет бекен?
Бакиев бийлиги Аликбек Жекшенкулов, Исмаил Исаковго байланыштуу кылмыш иштеринде деле «чукуса табылат» деген принципке таянып иш баштап алышкан. Бирок, чукуган жеринен тергөөчүлөр эч нерсе таппай, сот байкуштар эле кыйналып жатпайбы? «Бул жерде олуттуу эч нерсе жок экен» деп актап жиберейин десе — артынан коркот. «Ушундай жумушуңду урдум, абийиримдин алдында ак болоюнчу» деп басып кеткенге ички кудуреттери жетпей жатат.
Дал ушундай эле принцип менен «Петровкадагы баш-аламандыкты уюштурушкан» деген жалаа менен айыпталып жаткан Эркин Булекбаев, Сапар Аргымбаев жана Уран Рыскуловдун иштери да эки ортодо асылып турат. Эң башкы далил буюму деп эсептелген видеокассетаны укук коргоо органдары өздөрү жок кылып таштаганы — аларда, демек азыркы бийликте, адеп-ахлак (мораль) аз экенинен (балким жоктур?) кабар берет. Демек азыркы бийликтин моралдык кебетесинин бузулушу 2005-жылдын 24-мартынан башталды десек болчудай.
Бирок К.Бакиевде улуттун тарыхында бийликтин таза, жаңы моралын ачууга, Кыргызстандын бийлик маданиятын таза барактан баштоого толук мүмкүнчүлүгү бар эле. Тилекке каршы, ал мүмкүнчүлүк колдон учуп кетти. «Мантынын артынан ошол мантыдан артык эмес даярдалган башка тамактарды» жеп эле келатабыз, жеп эле келатабыз. Эми жийиркенип , кускудай абалга жеттик.
Азыркы бийликтин аморалдык, бейадеп жүзүн көрсөтүүчү ондогон, жүздөгөн чоң-кичине окуялар менен фактыларын мындай коё туралы да эң соңку бир окуя — «Ата Мекен» партиясы президент К.Бакиевдин Конституцияны, башка мыйзамдарды бузгандыгы тууралу Конституциялык сотко берген арызына кандай жооп берилээрин божомолдоп көрөлү.
(Чын-чынына келгенде Кыргызстандагы саясий партиялар Конституциянын сакталуусу боюнча ырааттуу жана макулдашылган позицияларда иш жүргүзүшкөнүн көрө элекпиз. Болбосо, Акаев доорунан бери Конституциянын, Конституциялык башка мыйзамдардын ар бир бузулушу боюнча Конституциялык сотко биринин артынан экинчи арызды берип жүрүп отурушканда, балким Акаев, азыр болсо Бакиев мыйзам бузаар алдында бир азга болсо да тизгин тартаар адатты үйрөнө берет беле?)
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Өмүрбек Текебаев анын партиясынын арызына Конститутциялык сот кандай жооп берээрин беш колундай эле билип турат.Анткени, Конституциянын гаранты болгон К.Бакиев Конституциянын бузулуп жаткандыгын тизгиндөөгө өзү ынтызар болбогондон кийин Конституциялык сотко эмне шам? 2006-жылдын ноябрь жана декабрь Конституциялары кабыл алынганда «эки Конституция тең туура» деп чечим чыгарып, кийин М.Эшимканов менен К.Карабековдун колдору менен чок шиленип, Конституциянын бул эки редакциясын жокко чыгарган Конституциялык сот эми «Ата Мекендин» арызын туура демек беле? Бул жерде маселе Конституциялык соттун калыс чечим чыгарышында эмес, маселе фактынын каралышынын өзүндө. Макаланын башында жазылгандай, Бакиевдин бийлиги 5 жылдан кийин алмашабы же 20 жылдан кийин алмашабы — акыры жаңы,таза, адеп-ахлактуу бийлик келээр. Ошондо Бакиевдер салган кашыкты кайра өздөрүнө салып, тарыхты, фактыларды жаңы бийлик чукуп чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Конституцияны улам бузуу, мыйзамдарды тебелеп-тепсөө, аларды өз ыңгайларына карата өзгөртүү, жарандардын берген добуштарын уурдап алып, башкаларга ыйгаруу кайра каралып, тарыхый чындык орношу тарыхый зарылдык.
СССРдин тутумуна кирген өлкөлөрдө басып өткөн тарыхты кайра карап чыгып, ага башкача өң-түс берүүнүн бир мисалын Россия көрсөттү. Россияны Ленин каза болгондо «соко менен өткөрүп алып, атом бомбасы менен калтырып кеткен» Сталинди бүгүнкү күнү Гитлер менен бир катарга коюп жатышпайбы? Ага караганда Акаев заманы менен Бакиев заманынын ашмалтайлары тарыхтын туңгуюк түпкүрүнө али түшүп кетелек го? «Кыргыз демократиясынын Нюрнберг процесси» эртеби-кечпи болот окшойт?
Машакбай РАХМАНКУЛОВ


«Алиби» гезитинин башкы редактору
Б.С.Джеенбековго
Урматтуу Бабырбек Субанович!
«Назар» газетасында жарыяланган «МАИ органдарындагы коррупцияны жоёбуз» аттуу макалада козголгон маселе боюнча Кыргыз Республикасында коорупцияга каршы, анын ичинде ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгында да (ГУБДД) мамлекеттик программа ишке ашырылып жаткандыгын маалымдайм.
Газетада жарыяланган макалада жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгынын (ГУБДД) алдым-жуттум, паракор кызматкерлерине карата катаал чараларды көрүү сунушу айтылат, бирок бул чара деле айдоочуларды пара берүүгө мажбурлаган шарттарды толук жок кыла албайт. Бул маселе көптөгөн иш чараларды комплекстүү жүргүзгөндө гана оң чечилет деп эсептейм.
Калыптанган ушундай системаны жана макалада сиздер жазгандай, жол кыймылынын эрежелерин бузуучуларды «жеринде жөндөп коюуну» өзгөртүү максатында КРнын ИИМне КРнын административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу жөнөтүлгөн. Анда айдоочулар менен жол кыймылынын коопсуздугунун кызматкерлеринин ортосунда акча менен иш бүтүрүүчү өз ара мамилелерди жоюу механизмдерин иштеп чыгуу, административдик айып пулдарды алууну жөнөкөйлөштүрүү,айдоочулардын күбөлүктөрүн алып коюуну токтотуу сыяктуу сунуштар келтирилген.Бул жаңылыктарды киргизүү жол эрежелерин бузуучуларга административдик материалдарды түзүүдө дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнө теңелүүгө мүмкүндүк берет.
Аталган бул мыйзам долбоору тийиштүү министрликтерде жана Жогорку Кеңеште өз ара макулдашуу тартибинен өтүп жатат.
Аталган макала аркылуу пикир айтканыңыздарга ыраазылык билдиребиз. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча эки тараптуу пайда берүүчү өз ара кызматташууну уюштуруу максатында такай пикир алышып турууну сунуш кылабыз.
Урматтоом менен
Начальник

Б.Борбиев


1126.htm





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал о работе московских центров ментального здоровья





Москва

Ямочный ремонт асфальта услуги в СПб


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал, каким будет летний сезон волонтерского проекта «Время добра»



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Тимати

Дочь Тимати снимается в сериале с Ларисой Гузеевой и Павлом Деревянко. Первые фото с площадки




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Спортсмены из Мытищ победители на соревнованиях по акробатическому рок-н-роллу

Подведены Итоги Национальной Премии «Спорт и Россия - 2024»

Контрольный матч. "Спартак" обыграл "Торпедо".


Карен Хачанов

Хачанов уступил Руне на предуимблдонском выставочном турнире в Харлингеме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

LIVE: Путин встречается с президентом Конго Сассу-Нгессо



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России