АӨБ: Кыргызстанга мигранттар жөнөткөн акча 13,5% азайды
Кыргызстандын сырттагы мигранттары мекенине жөнөткөн акча былтыркыдан быйыл 13,5% азайды. Бул тууралуу 6-апрелде Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) жарыялаган баяндамада айтылат.
Банктын божомолуна караганда, дүйнөдөгү COVID-19 пандемиясына байланыштуу өнөктөш өлкөлөрдө түзүлгөн абал менен кошо Кыргызстанда да экономиканын өсүш ыргагы 4 пайызга чейин басаңдайт. Эгер чек аралар ачылбай, азыркыдай абал улана берсе, көрсөткүч мындан да кооптуу болушу ыктымал.
Баяндамада «2019-жылы инфляциянын бир жылдык орточо деңгээли 2018-жылдагы 1,5 пайызга салыштырганда 1,1 пайызга чейин басаңдайт. 2020-жылы бул көрсөткүч азык-түлүк кымбаттагандыктан 3,5 пайызга жетет жана эгер чек аралар ачылбай, улуттук валютанын долларга карата курсу төмөндөй берсе мындан да начарлашы ыктымал» деп айтылат.
Коронавирус илдетине байланыштуу Кыргызстанда 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген.
3-апрелде АӨБ Кыргызстандын медицина тармагына коронавируска каршы күрөш үчүн 200 миң доллар бөлмөй болгонун жарыялаган.
Буга чейин кыргыз өкмөтү быйыл бюджетке 28 миллиард сом түшпөй калышы мүмкүн экенин билдирген. Мындан улам өлкө бийлиги бир нече эл аралык финансы институтуна кайрылып, жардам сураган. (RK)