Милиция акча салынган терминалды уурдагандардын изине түштү
![Милиция акча салынган терминалды уурдагандардын изине түштү](https://gdb.rferl.org/8586376E-68E3-4D8F-BDAB-29489E93723D_cx0_cy2_cw98_w800_h450.jpg)
Бишкек милициясы коменданттык саат учурунда акча салынуучу терминалды уурдап кеткендердин изине түштү. Бул тууралуу 10-апрелде баш калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
Анын сөзү боюнча, окуя 6-апрелде болгонун айтып Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына терминалдын ээси кайрылган. Ал терминалдын баасы 1,5 миң доллар турарын, ичинде 61 миң 500 сом бар экенин айткан.
Орозалиев: «Биз аларды «Коопсуз шаардын» жана шаардык милициянын командалык борборунун камераларына тартылып калган видео боюнча аныктадык. Жакында кененирээк маалымат берилет», - деди.
Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.
25-марттан 15-апрелге чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланган. Кечки 8ден таңкы 7ге чейин көчөгө чыкканга болбойт. (RK)