Коменданттын буйруктарын элге ачык жарыялап туруу керектиги айтылды
![Коменданттын буйруктарын элге ачык жарыялап туруу керектиги айтылды](https://gdb.rferl.org/582B2236-1399-4292-B283-E35FD5321974_cx0_cy12_cw0_w800_h450.jpg)
Өзгөчө абал учуруна түзүлгөн комендатуралар адам укугуна жана эркиндигине тийиштү буйруктарынын текстин толугу бойдон Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялашы керек. Мындай сунуш “Адилет” укуктук клиникасы 9-апрелде президент Сооронбай Жээнбековго жолдогон ачык кайрылуусунда айтылат.
Клиниканын юристтери жеке менчик жана экономикалык ишмердүүлүк маселелерине байланыштуу буйруктар да элге ачык жарыяланышы зарыл деп эсептейт.
Кыргызстанда социалдык-экономикалык абал чыңалып турганы айтылган кайрылууда мындай абалды адамдар жумушка чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганы, чогулткан азык-түлүгү жана дары-дармеги түгөнүп баратканы шарттап жатканы белгиленген. Мындай шартта "бийликтин кооз отчеттору, күч түзүмдөрү менен комендатуралардын, жергиликтүү бийликтин кыймылды жана сөз эркиндигин чектеген аракеттери, чындыкты айткан медицина кызматкерлери менен жарандарды куугунтуктоо коомчулуктун кыжырын гана келтирип жатканы" айтылат.
Кайрылууда аты аталган мекемелер бул боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.
25-мартта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал режими киргизилип, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалган. Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, ал эми ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын башчысы Жеңишбек Жоробеков Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты болгон.
Оштогу Балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын 20дай дарыгеринин атынан бийликке багытталган ачык кат коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.
Президент Сооронбай Жээнбеков 9-апрелде дарыгерлер мындан ары да мамлекеттин коргоосунда болорун айтты.
Кыргызстанда 18-марттан 10-апрелге чейин COVID-19 илдетине 39 медицина кызматкери чалдыкты. Бул илдет жуккандардын жалпы саны - 298. (RK)