COVID-19 дагы беш дарыгерден табылды, алардын төртөө Бишкекте
Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы беш медицина кызматкери аныкталды. Бул тууралуу 10-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы катталгандардын төртөө Бишкекте, бирөө Чүй облусунда.
Жалпысынан бүгүнкү күндө COVID-19 жуккан дарыгерлердин жана башка медицина кызматкерлеринин саны 39 адам:
• Бишкекте - 8
• Чүй облусунда - 1
• Ош облусунда - 21
• Жалал-Абад облусунда - 8
• Баткен облусунда - 1 киши.
Алар - дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашканада иштегендер жана кир жууган жумушчулар.
8-апрелде Ош шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар клиникасынын коронавирус илдетине кабылган кызматкерлери өкмөткө кайрылышкан.
10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан адамдардын саны 298, алардын бешөө каза тапты. (RK)